ЖАҢЫЛЫКТАР 22.06.16.

22-06-2016 08:04

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Жогорку Кеңеш тарабынан 2016-жылдын 16-июнунда кабыл алынган сот системасын өнүктүрүү боюнча ратификациялык мыйзамга кол койду. Мыйзам расмий жарыялангандан тартып, он күндөн кийин күчүнө кирет.

Жогорку Кеңеш  тарабынан бекитилген КР Өкмөтүнүн “Ишеним жана биримдик” программасына ылайык, Өкмөттүн учурдагы түзүмүнө бир топ өзгөртүүлөр сунушталууда. Ага ылайык, Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин базасында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетин түзүлөт.  Бул тууралуу КР Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук реформасы жана ЖК Регламенти боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

                              СНХ.С.ЖЭЭНБЕКОВ

Оптимизациялоо ишинде райондорду гана ирилештирип, областтык соттон башка бир катар структураларды жоюу зарыл. Көз карандысыз тергөө органдарын негиздөө дагы максатка ылайык келмек,- деген сунуш депутат Кенжебек Бокоев тарабынан айтылды.  

                               СНХ.К.БОКОЕВ

Депутат Таабалды Тиллаев көп жылдардан бери энергетика тармагындагы уурдалган каражаттын ордун элдин эсебинен толтуруп келаткан учурларды эске салды. «Эгемендикке ээ болгондон бери энерготармакка 99 млрд сом насыя берилиптир. Биз мындай кадам менен калктын чөнтөгүндөгү акчаны ууру-кесилердин чөнтөгүнө салып берип, ал тармакты өлүмтүк абалга жеткирдик», - дейт эл өкүлү.                                       

                               СНХ.Т.ТИЛЛАЕВ

«Кыргызстанда 467 мектеп интернетке туташтырылган. Ал эми 1651 мектептин андай шарты жок. Өлкө аймагындагы мектептерде 67 информатика мугалими да жетешпейт. Быйыл 604 мектеп интернетке туташтырылат. Эгерде аймактарда бирдей сандагы мектептерди интернетке кошо турган болсок, анда дагы 200 млн сом каражат талап кылынат», - дейт Билим берүү жана илим министри Элвира Сариева.  Ошондой эле ал «Билим ТВ» багыты боюнча видеосабактар даярдалганын, Өкмөттүн чечими менен «Билим ТВ» соцпакетке киргизилгенин, ага мектептер ЭлТР телеканалы аркылуу кошулса болорун белгиледи.

                               СНХ.Э.САРИЕВА  

Тармактык комитеттин төрагасы Аскарбек Шадиев Азербайжан сындуу бир катар өлкөлөрдө мектептерди уюлдук компаниялар өз эсебинен интернетке туташтыра турганын, андай тажырыйбаны Кыргызстанда да колдонуу жагын ойлонуштуруп көрүү зарылдыгын белгиледи.

                              СНХ.А.ШАДИЕВ

Жогорку Кеңештин 5-чакырылышынын депутаты Акылбек Султанов кызматтык батирин Жогорку Кеңештин Иш башкармалыгына өткөрүп берди. Ошондой эле жакында эле депутаттык мандаттан өз ыктыяры менен баш тарткан Ашэра Халикова дагы кызматтык батирин бошотту. Ал эми Жогорку Кеңештин Иш башкармалыгынын маалыматы боюнча 5-чакырылыштын эки депутаты А.Режавалиев жана Э.Исаков жакынкы апталарда кызматтык батирлерди өткөрүп бериши күтүлүүдө. Эскерте кетсек, Жогорку Кеңештин кызматтык батирлерди бөлүштүрүү боюнча комиссиянын чечими менен учурда 6-чакырылыштын 15 депутаты кызматтык батирлерде жашайт.

                         АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 22-июнда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачындын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 17-22 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй, Талас, Ысык-Көл:18...23, Ош, Жалал-Абад:22...27, Баткен:21...26, Нарын:17...22 градус жылуу болот. Бишкек шаарында бүгүн, 22-июнда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 14 метрге чейин жетет. Абанын температурасы 20...22 градус жылуу болот.
 

Көрүүлөрдүн саны : 1475

Окшош жаңылыктар