Жогорку Кеӊештин Координациялык кеӊеши парламенттин 1-2-февралдагы жыйындарынын күн тартибин бекитти

27-01-2017 15:56

Төрага Чыныбай Турсунбековдун жетекчилиги менен бүгүн, 27-январда өткөн Жогорку Кеӊештин Координациялык кеӊеши парламенттин февраль айындагы календардык планы менен 1-2-февралдагы жыйындарынын күн тартибин бекитти.

Ошентип, Жогорку Кеӊештин 1-февралдагы жыйынында «КР Социалдык фондунун 2016-жылга бюджети жана 2017-2018-жылдарга болжолу жөнүндө» КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору, «КР Социалдык фондунун 2017-жылга бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндө» мыйзам долбоору, «Лотерея ишин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү КР айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө», дагы башка бир катар ченемдик укук актыларын кароо пландаштырылууда.

Ал эми 2-февралдагы жыйындын «өкмөттүк саатында» Өкмөттүн Кыргызстандын Евразия экономикалык бирлигине кошулуусунун натыйжалары жөнүндө маалыматы угулат. Андан тышкары, «Өрт коопсуздугу жөнүндө» КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө», «Аскерий абал жөнүндө» КР конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» сындуу бир катар мыйзам долбоорлору талкууланмакчы.

Координациялык кеӊештин жүрүшүндө Өкмөт мүчөлөрүнүн Жогорку Кеӊеште каралып жаткан маселелерге дыкат даярданып келүүсү тууралуу маселе козголуп, Өкөмөттүн өкүлүнө бул маселени жөнгө салуу тапшырмасы берилди.

КР ЖК Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 993

Окшош жаңылыктар