КТРКнын Байкоочу кеңешине талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө Жогорку Кеңештин токтому жарыяланды

27-01-2017 09:39

Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Белгилей кетсек, 2017-жылдын 11-январында Жогорку Кеңеш жыйынында  “Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин курамына талапкерлерди көрсөтүүнү жарыялоо жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору каралып, кабыл алынган. 2017-жылдын 27-январында “Эркин-Тоо” гезитине Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин курамына талапкерлерди көрсөтүүнү жарыялоо жөнүндө Жогорку Кеңештин токтому жарыяланды.

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү

корпорациясынын Байкоочу кеңешинин курамына

талапкерлерди көрсөтүүнү жарыялоо жөнүндө

“Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12 жана 13-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши т о к т о м   к ы л а т:

1. Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин курамына талапкерлерди көрсөтүүнүн башталышы жөнүндө жарыялансын.

2. Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин курамына талапкерлерди көрсөтүү укугуна ээ жарандык коом 2017-жылдын 3-мартына чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетине Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин курамына талапкерлер боюнча жазуу жүзүндөгү өздөрүнүн сунуштарын киргизсин (сынакка катышуу үчүн документтерди берүүнүн шарттары тиркелет).

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин курамына талапкерлер боюнча келип түшкөн сунуштарды 2017-жылдын 3-апрелине чейин карасын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна мыйзам менен белгиленген тартипте киргизсин.

4. Ушул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.

5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Төрага                                                                                                         Ч.А. Турсунбеков

 

Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарынын аякташына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү

корпорациясынын Байкоочу кеңешинин курамына

талапкерлерди көрсөтүүнү жарыялоо жөнүндө

“Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13-беренесине ылайык жарандык коом (окуу жана илимий мекемелер, чыгармачыл бирликтер, коомдук бирикмелер, жалпыга маалымдоо каражаттары жана башка уюмдар) Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин курамына талапкерлер боюнча өздөрүнүн сунуштарын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тармактык комитетине жазуу жүзүндө киргизет.

Комитет сунушталган талапкерлердин ичинен Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13-беренесинде көрсөтүлгөн критерийлер боюнча 10дон кем эмес талапкерди тандайт, анын ичинен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан рейтингдик добуш берүү жолу менен 5 талапкер бекитилет.

Кеңештин мүчөлүгүнө талапкер жогорку билимдүү жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын чөйрөсүндө, өкмөттүк эмес уюмда, чыгармачылык бирликте 5 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы бар адам болууга тийиш.

Өз талапкерлерин көрсөтүүгө кызыкдар жарандык коомдун өкүлдөрү 2017-жылдын 3-мартына чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетине төмөнкүдөй документтерди киргизүүсү зарыл:

-талапкерди көрсөткөн уюмдун сунушун жана чогулушунун протоколун;

-талапкердин резюмесин;

-нотариус күбөлөндүргөн дипломдун жана эмгек китепчесинин көчүрмөсүн.

Сынакка катышуу үчүн зарыл документтер (уюмдун чогулушунун сунушу, протоколу, нотариус күбөлөндүргөн дипломдун жана эмгек китепчесинин көчүрмөсү, жазуу жүзүндөгү резюме) чапталган конвертте Бишкек шаары, Чүй проспектиси, 205 дарек боюнча “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетине” деген белги менен берилүүгө тийиш. Каттар үчүн үкөк Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин имаратынын батыштагы киреберишинин контролдук-өткөрмө пунктунда (КӨП) болот. Документтер 2017-жылдын 3-мартында 17 саат 30 мүнөткө чейин кабыл алынат.

Көрсөтүлгөн мөөнөттөн кийин же белгиленген эрежелерге ылайык келбеген арыздар каралбайт.

Кошумча маалымат үчүн 0 (312) 63 86 89, 63 91 97 телефондоруна кайрылуу керек.

Көрүүлөрдүн саны : 1116

Окшош жаңылыктар