Эл аралык иш-чаранын ачылуу аземинде Жогорку Кеӊештин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков, КМШ ПАА Кеӊешинин Башкы катчысы Алексей Сергеев, КР биринчи премьер-министр Мухамедкалый Абулгазиев чыгып сүйлөдү.
Конференция жүрүшүндө анын катышуучулары бийликтин мыйзам чыгаруу органдарынын демократиялык коом институттарын өнүктүрүүдөгү, мамлекеттик курулуштун азыркы этабында шайлоолор менен референдумдарды даярдоо жана өткөрүүдөгү ролун талкуулайт. Андан тышкары, конференцияда КМШ мамлекеттериндеги добуш берүүдө жаӊы технологияларды колдонуу маселелери боюнча пикир алышмакчы. Ошондой эле, улуттук шайлоо жүрүмүндө шайлоо бюллетендерин иргөө технологиясын пайдалануу, шайлоочулардын добушун саноо ишин автоматташтыруу жаатында талкуулар өтөт.
Белгилей кетсек, эл аралык конференциянын ишине Жогорку Кеӊештин депутаттары, КР Өкмөтүнүн мүчөлөрү, Россиянын, Казакстандын, Азербайжандын, Тажикстандын, Армениянын, Болгариянын депутаттары менен борбордук шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, ошондой эле илимий чөйрөнүн жана жарандык коом өкүлдөрү катышууда.
Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы