Жеке менчик мектептерге берилген салыктык жеңилдиктер атаандаштыкка жол ачат

12-01-2017 16:02

Жогорку Кеӊеште депутаттар тобу тарабынан демилгеленип жаткан  «КР Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» КР мыйзам долбоору аркылуу өлкөдөгү менчик мектептерди салыктын айрым түрлөрүнөн бошотуу жагы сунушталууда. Бул маселе бүгүн Жогорку Кеңеш жыйынында каралып, биринчи окууда кабыл алынды.

Долбоордун маанисин түшүндүрүп, демилгечилердин бири, депутат Улан Примов ушул эле күнү “Парламент” радиосунун түз эфиринде болду.

Депутаттын айтымында, аталган долбоор аркылуу  мектеп мекемелеринин жетишсиздик маселелерин чечүү кадамы жасалат. Менчиктин жеке формасындагы мектептер  кошумча киреше салыгынан, жер салыгынан жана сатуудан түшкөн салыктын түрүнөн бошотулуп жатат. “Мындай тажрыйба Евразиялык биримдикке кирген өлкөлөрдүн ичинде Россияда, Казакстанда ишке ашып келсе, Армения менен Кыргызстанда гана салыктык жеңилдиктер каралган эмес”,- дейт эл өкүлү.

Ошондой эле ал соцфондго болгон төлөмдөр кала бере тургандыгын айтып, киреше салыгын (подоходный налог) төлөө үзгүлтүккө учурабастыгын да маалымдады.

Ал эми менчик мектептеги мугалимдердин айлык маянасы жогорулатылса, алардын социалдык фондго жана киреше салыгы боюнча төлөй турган төлөмдөрү да өсөт. Андыктан, бюджетке салык түшпөй калат деген коркунуч жаралбашы керек,- дейт парламенттик радионун түз эфиринде болгон КР Билим берүү жана илим министрлигинин экономика бөлүмүнүн адиси Азизбек Мураталиев. Ошондой эле адистин айтымында, жеке менчик мектептер арасында атаандаштык өссө, анда алардагы келишим акыларынын арзандашы да толук мүмкүн.

Ошол эле радиоуктурууга катышкан КР Билим берүү жана илим министрлигинин лицензиялоо бөлүмүнүн адиси Шербек Султанбеков  жеке менчик мектептер салыктын бир топ түрлөрүнөн бошотулуп жаткан соң, анын администрациясы иштеп жаткан мугалимдердин айлыктарын жогорулатуу шарттарын дагы караштырышы мүмкүндүгүн айтты.

“Буга чейин жеке менчик балдар бакчалары салыктык жеңилдиктерди алышкан. Ошондон кийин алардын саны көбөйгөн. Мисалы, 2000-жылдары менчик бакчалар менен менчик мектептердин саны 3%ды гана түзгөн болсо, салыктан бошотулгандан кийин   дээрлик 10 эсеге жогорулаган”,- деп билдирди Ш. Султанбеков.

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 453

Окшош жаңылыктар