2017-жылдын 12-январында добуш берилген мыйзам долбоорлору

12-01-2017 14:45

Бүгүн, 12-январда Жогорку Кеңештин жыйынында бир катар мыйзам долбоорлоруна добуш берилди.

КАБЫЛ АЛЫНГАН МЫЙЗАМДАР

- “Сырткы видеобайкоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 13.10.16дагы № 543 токтом);

- “Пробация жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – депутат Скрипкина Г.А.);

- “Аудитордук иш жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Асылбаева Г.К., Айдаров С.А., Исаева Д.Ш., Жамалдинов З.И., Мусабекова Ж.А.);

- “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын бириктирилген долбоору (Кылмыш-жаза кодексине, Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекске, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Мыйзамга) (демилгечилер – депутаттар Бекешев Д.Д., Алтыбаева А.Т., Жеенчороев М.К., Кыдыралиев У.Т., Жумабеков Д.А., Исакунова Т.Б., Бакиров М.И., Жунус уулу Алтынбек, Акматов А.Ж., Шыкмаматов А.Н. жана Бабанов Ө.Т., Казакбаев Р.А., Жеенчороев М.К., Өмүрбекова А.С., Сабиров М.Э., Сыдыков Б.Ү., Алтынбеков А., Тиллаев Т.Г., Райымкулов Б.К., Нишанов Н.Н., Жамангулов А.Ж.).

1-ОКУУДА КАБЫЛ АЛЫНГАН МЫЙЗАМ:

- “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Примов У.Б., Бекешев Д.Д., Турсунбеков Ч.А., Алимбеков Н.К., Өмүркулов И.Ш., Казакбаев Р.А., Сурабалдиева Э.Ж., Акаев Ж.К., Тиллаев Т.Г., Алтыбаева А.Т., Төлөнов Д.Э., Нурбаев А.М., Маннанов И.А., Строкова Е.Г.).

ЧЕТКЕ КАГЫЛГАН МЫЙЗАМ ДОЛБООРУ:

- “Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – ЖКнын V чакырылышынын депутаттары Туманов Т.Т., Абдиев К.).

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 599

Окшош жаңылыктар