Шайлоо жүрүмүнүн катышуучуларынын мыйзамдык жоопкерчилиги күчөтүлүүдө

12-01-2017 12:35

Жогорку Кеӊеште депутаттар тобу тарабынан шайлоо жүрүмүндө шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн жоопкерчилигин жогорулатуу максатында иштелип чыккан «Шайлоо процессинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамдын бириктирилген долбоору каралып, үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Демилгечилердин айтымында, мыйзам долбоору аркылуу шайлоо тартибин бузуулардын алдын алууга, аларды болтурбоого жана жазалоого көмөктөшө турган жаза чаралары сунуш кылынууда. Ал үчүн КР Кылмыш-жаза кодексине жана КР Жазык-процесстик кодексине өзгөртүүлөр киргизилүүдө.

Ошентип, Кылмыш-жаза кодексинин 140-статьясын шайлоого катышы бар субъекттердин тизмесин кеңейтүүчү бөлүк менен толуктоо сунуш кылынат. Ошону менен бирге, 141-статья добуш берүү же референдум күнү техникалык кызмат көрсөтүүлөрдү камсыз кылуучу операторлордун жазык жоопкерчилигин караган ченем менен толукталат.

Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу Кылмыш-жаза кодексинин 140-статьясына туура келип, бирок Жазык-процесстик кодексинин 26-статьясына ылайык, жеке айыптоо иштерине киргендиктен, алар жабырлануучунун даттануусу боюнча гана козголот жана тараптар жарашканда токтотулат.

Андан сырткары, Жазык-процесстик кодексинин 26-статьясына сунуш кылынган, Кылмыш-жаза кодексинин 140-статьясында каралган өзгөртүүлөр жеке-элдик айыптоо категориясына которулат.

Мыйзам долбоорунда шайлоо учурунда мыйзам бузуу менен шайлоочулардын добушун сатып алган жактарга карата 3 жылдан 5 жылга чейин жаза чараларын колдонуу сунушталган.

КР ЖК Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 437

Окшош жаңылыктар