Жогорку Кеңештин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков КМШ ПАА Кеңешинин Башкы катчысы Алексей Сергеевди кабыл алды

17-06-2016 10:15

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков бүгүн, 17-июнда КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын Кеңешинин Башкы катчысы Алексей Сергеевди кабыл алды.

Тараптар «Демократияны өнүктүрүү: шайлоо өнөктүктөрүнүн тажырыйбасы, шайлоо жүрүмүндөгү мыйзамдар менен жаӊы технологиялардын ролу» темасында эл аралык конференциянын маанисин жана анын актуалдуулугун белгилешти.

Ошондой эле Чыныбай Турсунбеков менен Алексей Сергеев Ассамблеянын алкагында алдыда өтө турган иш-чаралар, анын ичинде, 2017-жылдагы КМШ ПААнын 25 жылдыгына арналган иш-чаралар боюнча пикир алышты.

Мындан сырткары, жолугушуунун жүрүшүндө КР Жогорку Кеңешинин КМШ ПАА менен кызматташуусун бекемдөөнүн зарылдыгы белгиленди.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 1529