Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Жогорку Кеңештин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков «Шериктештик балдары» аталыштагы эл аралык форумга катышты

20-06-2016
10:07

Быйылкы форум «Өз өлкөңдүн тематикалык жылы» темасына арналып, иш-чарага КМШ өлкөлөрүнүн – Кыргызстан, Орусия, Казакстан, Тажикстан, Беларусь, Азербайджандан келген балдар, ошондой эле КМШ ПАА Кеңешинин Башкы катчысы Алексей Сергеев баш болгон КМШ өлкөлөрүнүн парламент мүчөлөрү катышты.

Форумдун алкагында балдар делегацияларынын визит карточкаларынын бетачары болуп, алардын ортосунда пикир алмашуу, тегерек столдор, аркандай сынактар, чеберчилик класстары, интеллектуалдык жана спорт  оюндары ойнотулат.

«Шериктештик балдары» IV Эл аралык маданий-агартуу форумун  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши жана КМШ ПАА тарабынан уюштурулууда. Форумдун ачылыш аземи Чолпон-Ата шаарындагы Ч. Айтматов атындагы «Рух-Ордо» маданий  борборунда болду.

Жогорку Кеңештин төрагасынын басма сөз катчысы