Бүгүн, 17-январда КР Улуттук илимдер академиясында реформалардын жүрүшү жөнүндө коомдук угуу болот

17-01-2017 10:00

Убактысы жана орду: 2017-жыл, 17-январь, саат 09-30, Жогорку Кеңештин жыйындар залы

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети «Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясында реформалардын жүрүшү жөнүндө» темасына коомдук угуу өткөрөт.

Иш-чара 2017-жылдын 17-январында өтөт. Коомдук угууларда Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясында реформаларды жүргүзүү жөнүндө маселелер талкууланат.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясында реформалардын жүрүшү жөнүндө маселени иликтөө боюнча депутаттык жумушчу топтун мүчөлөрү, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары, тиешелүү министрликтердин, ведомстволордун, илимий чөйрөлөрдүн, жарандык сектордун жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышат.

Эскертүү: Катыша тургандыгын 16-январга чейин төмөнкүдөй телефондор аркылуу ырастоо зарыл: 63-91-52 же 63-92-32, 63-88-12

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясында реформалардын жүрүшү жөнүндө

коомдук угуулардын

ПРОГРАММАСЫ

Убактысы жана орду: 2017-жыл, 17-январь, саат 09-30, Жогорку Кеңештин жыйындар залы (3-кабат)

09.30.-10.00.       Каттоо

10.00.-10.10. Коомдук угуулардын катышуучулары менен учурашуу

Сөз сүйлөө: Исмаилова Аида Жекшенбаевна – «Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясында реформалардын жүрүшү жөнүндө» маселени иликтөө боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин жумушчу тобунун төрагасы.

10.10. - 10.20. «Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясында реформалардын жүрүшү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин презентациясы - А.А. Муратов – Илим департаментинин директору – Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары.

10.20 -10.40. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясында жүргүзүлүп жаткан реформа жөнүндө Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти А.Э. Эркебаевдин баяндамасы.

10.40.-11.40. Суроолор-жооптор. Талкуулоо.

11.40-12.00 Жыйынтыктарды чыгаруу. Чечим кабыл алуу.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 1509

Окшош жаңылыктар