Ата-энелерди акы төлөө негизинде окуп жаткан 18-21 жаш курактагы балдарына алимент төлөөгө милдеттендирүү демилгеси сунушталды

28-12-2016 12:50

Жогорку Кеӊеште алимент маселелерин жөнгө салууга багытталган “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору каралып, экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Демилгечи – депутат Максат Сабиров.

Демилгечинин айтымында, мыйзам долбоору үй-бүлөнү, энеликти, аталыкты жана балалыкты коргоо максатында киргизилет. Yй-бүлөгө жана жашы жетпегендерге каршы кылмыштар менен байланышкан проблемаларды чечүү – мамлекеттин эң маанилүү милдети, анткени үй-бүлө коомдук өнүгүүнүн негизин аныктоочу кыйла олуттуу социалдык институттардын бири болуп саналат.

Мыйзам долбооруна ылайык, алимент төлөө жөнүндө макулдашуу болбогондо, сот акы төлөө негизинде окуп жаткан 18-21 жаш курактагы муктаж болгон өз балдарын багууга ата-энелерди милдеттендирүүгө укуктуу. Жашы жеткендик баланын каржылык өз алдынчалуулугун жана өз ата-энеден көзкарандысыздыгын билдире бербейт. Ушу тапта 20 миӊден ашуун адам алимент төлөбөй качып жүрөт.

Ошондон улам, КР Yй-бүлө кодексине, “Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралу” мыйзамга, “Насыялык маалымат алмашуу жөнүндө” мыйзамга тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталууда. Андан сырткары, биринчи окуу жүрүшүндө келип түшкөн сунуштар талданып чыгып, алгылыктуулары эске алынганы белгилүү болду.

КР ЖК Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 608

Окшош жаңылыктар