2017-жылдын 17-майынан баштап аналогдук телекөрсөтүүлөрдү өчүрүү иштери башталат

26-12-2016 18:31

Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин жыйынында санариптик телерадиоберүүлөргө өтүү маселеси менен катар КТРКнын Байкоочулар кеңешинин отчету каралды.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 2-ноябрындагы № 692-токтому менен санариптик телерадиого өтүү программасы бекитилип, анын талаптарын ишке ашыруунун багыттары аныкталган. Бул   2013-2017-жылдар аралыгындагы өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясындагы артыкчылыктуу долбоорлордун бири. Андагы талаптарды жүзөгө ашыруу үчүн Өкмөт 300 млн. сомдон ашык каражат бөлүп берген.

Телеканалдардын социалдык пакети бекитилип, ага 13 канал кирди. Андагылар бардык область аймактарында көрсөтүлөт. Алардын катарында КТРК, ЭлТР, 5-канал, “МИР”, “Пирамида”, “Маданият, тарых, тил”, “Баластан”, “КТРК-Музыка”, “КТРК-Спорт”, “Ала-Тоо 24”, “Илим жана билим”, “Ынтымак” телеканалдары бар.

Социалдык пакеттерден тышкары, коммерциялык пакеттер дагы бар. Ал 60%ды түзөт. Мындай пакетти түзүү аркылуу анча чон эмес бюджети бар жергиликтүү телерадиоуюмдарды колдоо иштери жүргүзүлөт.

Мамалекеттик буюрма боюнча коомдук маанилүү контент дагы негиздилди. Калктын  аялуу катмарын санариптик телеберүү менен камсыз кылуу маселеси боюнча мамлекет тараптан колдоо болот.   

Жаңырган 2017-жылдын 17-майынан баштап аналогдук телекөрсөтүүлөрдү өчүрүү иштери башталат.

Талкууда депутат Жанар Акаев,-“Санариптик телеканалдарды көрүү үчүн кезегинде таратылган ресиверлерди иштеткен учурда “Бакиевден белекке” деген жазуу чыгат. Бул уят нерсе экен”,- деп өткөн чактын чакырыктарына көз жуумп болбостугун айтты.

Ушул маселелер менен катар Коомдук телерадио корпорациясынын Байкоочу кеңешинин отчету да каралды.

Талкууда депутат Натаья Никитенко Коомдук телерадио корпорациянын ишмердүүлүгүнө кызыгып, алар өткөргөн 14 жолку жыйында кандай жыйынтыктарга жетилгендигин тактады.

Депутат Садык Шер-Нияз болсо,-“Кандай гана маалымат айтылбасын анда тараптардын тең салмактуу пикирлери бирдей камтылыш керек. Адам укугу барынан жогору турары бардык мыйзамдар менен корголгон. Андыктан адам укугуна "кол салууга" барган маалыматтар болбош керек. Мамлекеттин эсебинен каржыланып жаткан телерадио корпорацияда калыс пикир сакталууга тийиш”,- деген көз карашын ортого салды.

Талкуу соңунда айтылган маалыматтарды талдап, КТРКнын Байкоочулар кеңешинин отчету эске алынсын деп табылды.

 

Жогорку  Кеңештин  Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 290

Окшош жаңылыктар