ЖАҢЫЛЫКТАР 20.06.16.

20-06-2016 13:52

Төрага Чыныбай Турсунбеков,-"Өлкө башчы, парламент жана өкмөт 2017-жылы президенттик шайлоону таза өткөрүү үчүн бардык күч-аракетин жумшап жатат",- деп "Демократияны өнүктүрүү: Шайлоо өнөктүктөрүнүн тажрыйбасы, шайлоо жүрүмүндөгү мыйзамдар менен жаңы технологиялардын ролу" Эл аралык конференциясында билдирди. Спикердин айтымында, өлкөнүн туруктуу саясий өнүгүүсү шайлоонун ийгиликтүү өтүшүнөн көз каранды. “Бүгүнкү күндө дүйнөнүн бир катар өлкөлөрү  биометрикалык паспортторго өткөнү максатташууда. Мындай пландар эл аралык экстремизм жана терроризм менен күрөшүү үчүн зарыл нерсе.  Мындан тышкары жарандардын биометрикалык маалыматтарын туура колдонуу бир топ мамлекеттик маселелерди ыкчам чечүүгө мүмкүнчүлүк берет. Ошондой эле биометрикалык маалыматтардын шайлоо процессиндеги идентификациялоодо ролу жогору", - деди Ч.Турсунбеков.

Жогорку Кеӊеш менен КМШ ПАА тарабынан уюштурулуп, акыркы жылдары салттуу иш-чарага айланып бараткан «Шериктештик балдары» Эл аралык маданий-агартуу форуму 18-июнда Чолпон-Ата шаарындагы Ч. Айтматов атындагы «Рух-Ордо» маданий  борборунда болуп өттү.КМШ өлкөлөрү – Кыргызстан, Орусия, Казакстан, Тажикистан, Беларусь, Азербайджандан келген балдар катышкан иш чарага,Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков жана КМШ ПАА Кеӊешинин Башкы катчысы Алексей Сергеев баш болгон КМШ өлкөлөрүнүн парламент мүчөлөрү келишти.

Иштеп жаткан мыйзам талабына ылайык, Кыргызстандын мамлекеттик карыздарынын жогорку чеги өлкөнүн ички дүӊ өнүмүнүн 60 пайызынан ашпоого тийиш. Ушу тапта мамлекеттик карызынын өлчөмү 3 млрд 805 млн долларды (288 млрд 803 млн сом) түздү же ички дүӊ өнүмгө карата - 68,2 пайыз. Мындайча айтканда, мыйзам көрсөтүлгөн чектен ашып кеткен. Ошондон улам, Өкмөт кирешенин төмөнкү деңгээлиндеги өлкөлөр үчүн карыздын туруктуулук деңгээлин баалоонун эл аралык көрсөткүчүн колдонууну сунуштоодо. Ал мурдагы усулга караганда кыйла ийкемдүүлүк кылат. Муну  Жогорку Кеӊеш талкуулап, өлкөнүн мамлекеттик жана мамлекеттик эмес карыздарынын жогорку чегин кайрадан ыраатташтырууга багытталган “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана мамлекетик эмес карызы жөнүндөгү” мыйзамга сунушталган өзгөртүүлөрдү экинчи окууда четке какты. Талкуу жүрүшүндө депутаттар ашыкча карыз алууну токтотуу, мамлекеттик карыздарды жабуунун булактарын так аныктоо, карыздардын кайтарылышына көзөмөлдү күчөтүү тууралуу пикирлерин билдиришти. Алардын бири депутат Дастан Жумабеков,-“ Мисалы, үй-бүлө карыз болсо аргасы кетип жакырчылыктын чегине батып жатпайбы? Ал эми мамлекет  карыз ала берсе эмне болот?!”- деп тынчсызданды.

                                                                   CНХ.Д.ЖУМАБЕКОВ

 Жогорку Кеңеш  тарабынан бекитилген КР Өкмөтүнүн “Ишеним жана биримдик” программасына ылайык, Өкмөттүн учурдагы түзүмүнө бир топ өзгөртүүлөр сунушталууда . Ага ылайык, Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин базасында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетин түзүлөт.  Ошондой эле  Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин функциялары азык-түлүк өнөр жайын өнүктүрүү боюнча кошумча милдеттер менен толукталат.  Мамлекеттик байланыш агенттиги жана КР Өкмөтүнө караштуу Электрондук башкаруу борборунун базасында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик маалыматтык технологиялар жана байланыш комитети негизделет. Экономика министрлигин, Транспорт жана коммуникациялар министрлигин, Мамлекеттик каттоо кызматын, Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттикти кайрадан түзүү жана алардын айрым функцияларын кыскартуу жагы каралууда. Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик агенттиктин функцияларына жер казнасын пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча  кошумча милдеттер да тагылат.

Бишкек шаарын реконструкциялоо тууралуу сунушталган мыйзам долбоору боюнча Бишкек шаарынын  Карпинская, Линейная көчөлөрү, Жибек-Жолу проспекти жана Жаш Гвардия бульвары менен чектелген бөлүгүндөгү эскилиги жеткен турак үйлөр шаар башкармалыгынын карамагына өткөрүлүш керек. Ал эми менчик ээлерине болсо ошол турак-жайынын аянты менен ага тиешелүү болгон жер тилкесин эсептеген көлөмдү эске алып, башка жерден үй берилүүгө тийиш. Болбосо, мүлктүн орточо базар наркына дал келерлик компенсация төлөнүшү кажет.Ал көз карандысыз риэлторлор аркылуу жүргүзүлөт,- дейт демилгечи депутат Өмүрбек Текебаев.

                                                                 СНХ.Ө.ТЕКЕБАЕВ

“Мамлекеттик Ипотекалык Компания” ААК Башкармачылыгынын төрагасынын орун басары Нуржигит Үсөнакун уулу,- “ Жеке жер тилкелери бар жарандар үй салабыз десе, же алардын бүтпөй турган үй-курулуштары болсо аларга мамлекеттик шартта  ипотекалык насыя берүүнүн  жолдору каралган. Бул багыта иштеп жаткан насыялоонун жаңы модели бар. Андан тышкары регион-региондордо дагы көп кабаттуу үйлөрдү ипотекалык негизде куруунун жол-жобосу каралган”,- дейт.

                                                                 СНХ.Н. ҮСӨНАКУН УУЛУ 

Депутат Махабат Мавлянова акыркы мезгилде Бишкек шаарында курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөр борбордук трассалардан канчалык аралыкта курулуш керек эле деген суроону тактап, өзү күбө болгон бир топ мисалдарды атады. Айрым жерлердеги курулган үйлөр менен транстрорт жүрө турган жолдордун ортосу талап кылынган стандарттарга жооп бербейт,- дейт эл өкүлү.

                                                                  СНХ.М.МАВЛЯНОВА

Өткөн аптадан тартып «Бишкек – Балыкчы – Бишкек» темир жол каттамы иштей баштады. “Кыргыз Темир Жолу" ишканасынан билдиришкендей,  аталган каттамдагы жол жүрүү акысы чоңдор үчүн 69 сом болсо, кичинекей балдар үчүн 35 сомду түзөт. Поезд биринчи айда  «Бишкек-I» станциясынан таңкы 6:25те ар аптанын жума, ишемби жана жекшемби күндөрү каттаса,  17-июлдан тартып күнүгө каттай баштайт. Ал эми июль жана август айларында «Бишкек – Балыкчы – Бишкек» каттамына кошумча вагондор чиркелмекчи.                        

                                                                  АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 20-июнда өлкөнүн кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден  15-20 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй, Баткен: +24...+29, Талас:+23...+28, Ысык-Көл: +19...+24,Нарын:+20...+25 градус жылуу болот. Ал эми Ош, Жалал-Абад:+28...+33 градус ысык болот. Бийик тоолуу аймактарда +5...+10 градус жылуу. Бишкек шаарында бүгүн, 20-июнда жаан-чачын жаабайт.Абанын температурасы +27…+29 градус болот.







 







 

Көрүүлөрдүн саны : 1627

Окшош жаңылыктар