Бүгүн, 20-декабрда Жогорку Кеӊештин экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин кезектеги жыйыны болуп өттү.
Анда "Жеткиликтүү турак-жай 2015-2020" программасынын ишке ашыруусу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маалыматы жана Мамлекеттик ипотекалык компаниясынын ишмердүүлүгү талкууга алынды.
Белгилүү болгондой, жарандарды жеткиликтүү турак-жай менен камсыздоо багытында 2015-2020-жылга чейинки программа иштелип чыгып, 3,35 млрд сом каралган. Ошондой эле жеткиликтүү иппотека жана социалдык турак-жай багытында Мамлекеттик иппотекалык компания түзүлгөн. Учурда аталган компанияда кырк киши эмгектенет.
Ал эми депутаттар жеткиликтүү турак-жай программасын ишке ашыруу механизмдерин кайрадан карап чыгып, жарандарга ыӊгайлуу кылуу тапшырмасын беришти. Алсак, комитет мүчөсү, депутат Акылбек Жапаров, "Идея жакшы болгон менен программа от ала албай жатат" деген оюн айтса, дагы бир комитет мүчөсү, депутат Дастан Бекешев программанын алкагында калктын аялуу катмарына да көӊүл буруу керектигин эскертти.
Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы