Бүгүн, 20-декабрда Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында Евразия экономикалык бирлигинин бажы кодекси жөнүндө келишиминин долбоору талкууланды.
Жыйында КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Азамат Сулайманов баяндама жасады. Бүгүнкү күндө колдонулуп жаткан Бажы кодекси заманбап талаптарга жооп бере албайт. “Жаңы кодекстин жобосу бажы мейкиндигиндеги баардык мүчө-мамлекеттер үчүн ачык-айкын жана бирдей таасир этет. ЕАЭБдин Бажы кодекси жөнүндө келишиминин долбоорунда бажылык укуктук мамилеллерди жөнгө салуучу 16 эл аралык келишимдин жоболору жана 6 эл аралык келишимдин долбоорлорун ишке ашыруу камтылган. Ошондой эле Бажы формалдуулуктарын жөнөкөйлөштүрүүгө багытталган жоболор киргизилген”,- дейт А.Сулайманов. Анын айтымында, 26-декабрда Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешинде Евразиялык экономикалык бирликтин Бажы кодекси жөнүндө келишимдин долбооруна кол коюу сунушталууда.
Соңунда Евразиялык экономикалык бирликтин Бажы кодекси жөнүндө келишимдин долбоорун жактыруу боюнча чечим кабыл алынды. Чечимдин копиясы КР Экономика министрлигине жолдонмокчу.
Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы