Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

«Эл аралык өзгөчө жардам жөнүндө» мыйзам долбоору демилгеленүүдө

20-12-2016
13:59

Бүгүн, 20-декабрда Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында «Эл аралык өзгөчө жардам жөнүндө» мыйзам долбоорунун концепциясы каралды. Демилгечилер – Жогорку Кеңештин депутаттары Алмазбек Баатырбеков, Альфия Самигуллина, Искендер Матраимов,  Руслан Казакбаев, Бахадыр Сулейманов, Элвира Сурабалдиева, Акылбек Жамангулов.

Комитет жыйынында демилгечилердин бири депутат Б.Сулейманов баяндама жасап, бул жаңы мыйзам долбооруна түшүндүрмө берди. Анын айтымында, Кыргызстан географиялык абалы боюнча жаратылыш кырсыктары болуп турган чөлкөм. Андыктан өлкө гуманитардык жардам алууга муктаж. Республика калкына өзгөчө коркунучту жер титирөө, кургакчылык, селдер, тоо башындагы жарып кетүү коркунучу бар көлдөр, калдык сактоочу жайлар, климаттык өзгөрүүлөр жана башка кризистик кырдаалдар жаратат. Статистикалык маалыматтар боюнча республика аймагында жылына 200дөй ар түрдүү өзгөчө кырдаал катталат. Алардын чыгымы эле орто эсеп меен 30-35 млн. АКШ долларын түзөт.

Комитет мүчөлөрү «Эл аралык өзгөчө жардам жөнүндө» мыйзам долбоорунун концепциясын жактыруу чечимин кабыл алышты.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы