Бүгүн, 20-декабрда Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин жыйынында “Мунапыстын негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору 3-окууда каралып, жактырылды.
Сунушталган мыйзам долбоору гуманизм принцибин жүзөгө ашырууга жана кылмыш-укуктук таасир этүүнүн репрессивдүү чараларынан кетүүгө багытталган. Долбоордо кылмыш категориясына жараша жазык жазасынан жарым-жартылай бошотуу маселелери каралган. Ошондой эле мунапыс берүү жөнүндө мыйзам колдонулбаган соттолуучулардын жана соттолгондордун чөйрөсү аныкталган. Ага ылайык, мыйзам жашы жетелек кыздарга карата сексуалдык мүнөздөгү зомбулук, террордук акт, тыңчылык, мамлекеттик чыккынчылык, барымтага алуу жана башка кылмыш иштерин жасагандарга, кылмыштуу уюмдарды түзгөндөргө жана аларга катышкандарга карата колдонулбайт.
Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы