Бүгүн, 20-декабрда Жогорку Кеңеште “Массалык маалымат каражаттары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорун талкуулоого арналган парламенттик угуу өттү. Мыйзам долбоорунун демилгечиси – Жогорку Кеңештин депутаттары Кожобек Рыспаев, Искендер Матраимов, Таабалды Тиллаев, Жыргалбек Турускулов.
Парламенттик угууга Жогорку Кеңештин депутаттары, мамлекеттик органдар менен мекемелердин, жарандык коомдун, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, чыгармачыл уюмдар менен эксперттер чакырылган.
Угуунун жүрүшүндө медиа айдыңындагы эксперттер жалпыга маалымдоо каражаттары жаатына инвестициялардын келишине бөгөт койгондой болуп жатат деген пикирлерин ортого салышты. Ошону менен катар маалыматтык мейкиндигинин коопсуздугу жаатындагы жарала турган маселелерди Кыргыз Республикасынын башка укуктук-ченемдик актылары менен чектесе болоорун белгилешти.
Депутат К.Рыспаев бул жерде эч кандай каржылоо жөнүндө сөз болбогондугун, каржылоо тартууга эч кандай чектөө жоктугун, ал долбоордун алгачкы вариантында экенин, азыр андай чек алынып салынгандыгын чечмелеп берди. Ошондой эле демилгечи телекөрсөтүү чөйрөсүндөгү массалык маалымат каражаттары, телекөрсөтүү алып барган (телекөрсөтүү уюму) маалымат каражатына ээлик кылган юридикалык жактын акцияларынын (үлүштөрүнүн) кеминде алтымыш беш пайызына Кыргыз Республикасынын жарандары же чет элдик үлүшү жок юридикалык жактар ээлик кылганда гана түзүлүүгө жана иш алып барууга укуктуу экенин баса белгиледи. Мындан сырткары, айрым эксперттер белгилегендей, мыйзам долбоору өлкөнүн Башмыйзамына, эл аралык пакттарга каршы келбестигин түшүндүрүп берди.
Кыргыз улуттук «Кабар» маалымат агенттигинин директору Кубанычбек Таабалдиев ааламдашуу маалында ЖМК жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилиши керек деген ою менен бөлүштү. Эксперттин айтымында, коомчулукка ЖМК чөйрөсүнө чексиз инвестиция дегенди жакшылап түшүндүрүү керек. Ошондой эле К.Таабалдиев интернет- телекөрсөтүү деген түшүнүккө да көңүл бурулушу зарыл экенин мыйзам демилгечилерине сунуштады.
“Бул мыйзам долбоору маалымат коопсуздугуна болгон биринчи кадам” деген КТРКнын башкы директору Илим Карыпбеков телеканалдын 35%дык үлүшүнө ээлик кылуу бул болгону компания башкаруу жагына гана караштуу экенин айтыа, өз сунуш-пикирлери менен бөлүштү.
“Медиа Полиси институту” коомдук фондунун жетекчиси Бегайым Үсөнова бир гана телеканал менен маалымат коопсуздугуна жетишүүгө болбостугун белгиледи. Ошону менен катар жыйынга катышкан дагы бир катар эксперттер чектөө менен коопсуздукка жетишүүгө болбостугуна кошулуп, мектеп окуучуларынан тарта чоң адамдарга чейин медиа сабаттуулукка үйрөтүү зарылдыгын белгилешти. Өз –сунуш-пикирлерин тармактык комитетке бермей болушту.
Жыйынтыгында парламенттик угуунун катышуучулары тарабынан айтылган сунуш-пикирлерди мыйзам долбоорун тармактык комитетте 2-окууда кароодо эске алуу боюнча чечим кабыл алынды.
Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы