Бүгүн, 20-декабрда Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитет депутаттар К. Рыспаев, И. Матраимов, Т. Тиллаев, Ж. Турускулов демилгелеген, “Массалык маалымат каражаттары жөнүндөгү” мыйзамга сунушталган өзгөртүүлөрдү парламенттик талкууга алып чыгат. Парламенттик угууга Жогорку Кеңештин депутаттары, тийиштүү министрликтер менен ведомстволордун, жарандык коомдун жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышат. ЖК жыйындар залында өтө турган аталган иш чаранын жүрүшү “Парламент” радиосу аркылуу түз алып уктурулат.
Бажы биримдигине кошулганда негизги 4 багыт өз жыйынтыгын бериш керек эле. Алар - жумушчу күчтөрдүн эркин жүрүшү, товарлардын кеңири алмашуусу, кызмат көрсөтүү менен капиталдын дагы эркин айлануусу. “Бирок, азыркы күндө товарлардын эркин айлануусунда аталган биримдиктеги башка мамлекеттер утушка жетишсе жетишип жаткандыр, бирок биз азырынча ийгилик жарата албадык. Товарларыбызды сыртка чыгууда тоскоолдуктарга кабылып турганда башка бир рынокту издөө зарылчылыктары жаралды. Мындай шартта Европалык биримдикке мүчө болгон 27 мамлекеттин жалпы артыкчылыктарды берүү системасы биз үчүн ыңгайлуу болуп турат”,- деп билдирди депутат Каныбек Иманалиев.
СНХ.К.ИМАНАЛИЕВ
Депутат Садык Шер-Нияз,-“Глобалдашуу доорунда кыргыз тилинин келечеги үчүн кылдат кам көрүшүбүз керек. Компьютердик технология өнүгүп жатканда кыргыз тилинин аталган чөйрөдөн өз ордун табышы кажет.Мамлекеттик тил маселесин көтөргөндөр улутчулдар эмес. Кыргыз тили – өлкөнүн жүзү. Ал эми анын борбору болгон Бишкек шаарында толук кыргыз тилинде окуткан мектептердин эки колдун манжасына жетпеген эсеби уят нерсе!”,- деп маселенин актуалдуулугун белгиледи.
СНХ.С.ШЕР-НИЯЗ
ЖОЖдордо кыргыз тили 240 саат окутулса, ал эми орто окуу жайларындагы кыргыз тилинин сааттары 108 саат деп белгиленген. Бакчалардагы кыргыз тилин окутуу 200 саат деп аныкталган. Бул тууралуу маалыматтар депутат А.Исмаилованын суроолоруна кайтарылган жооптордон улам белгилүү болду. Депутат кыргыз тилин окутуу мектептерде жумасына 5 сааттан өтүлгөндө гана өз натыйжасын берет деген оюн ортого салды.
СНХ.А.ИСМАИЛОВА
Жалал-Абаддын Ала-Бука районунун тургундары 25-30% менен насыя алып, төлөй албай, мал-мүлкүн алдырып жатат. Жергиликтүү эл чет элден өтө аз пайыз менен каражат алып, аны кайра эмне үчүн 25-30%да бериши керек деген маселени коюшууда. Бул тууралуу шайлоочуларынын өтүнүчү менен тааныштырган депутат Азизбек Турсунбаев негизи насыялар 10-12%дан ашпашы керектигин, аны КР Өкмөтү көзөмөлгө алышы зарылдыгын айтты.
СНХ.А.ТУРСУНБАЕВ
АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ
Бүгүн, 20-декабрда эртең менен өлкө аймагында туман түшүшү мүмкүн. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундуна 1-6 метрге жетет. Абанын температурасы Чүй, Талас: -3...+2 градуска чейин жылыйт. Ош, Баткен, Жалал-Абад, Ысык-Көл: 0...-5, Нарын: -10...-15 градус суук болот. Бишкек шаарында эртең менен туман түшүшү ыктымал. Абанын температурасы -1...+1 градус жылуу болот
Бүгүн, 1-декабрда Жогорку Кеңештин “Ата-Журт Кыргызстан”, “Ишеним” парламенттик фракцияларынын жана “Мекенчил” депутаттык тобунун кошмо жыйыны өтөт. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде
Толук окуу...Бүгүн, 30-ноябрдагы жыйынында Жогорку Кеңеш адегенде “Ар кандай маселелер” саатына орун берет. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде
Толук окуу...Бүгүн, 29-ноябрдагы жыйынында Жогорку Кеңеш бир нече ратификациялык майзам долбоорлору менен катар эле “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндөгү” мыйзамдын өзгөртүүлөрүн үчүнчү окууда карайт. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде
Толук окуу...Бүгүн, 28-ноябрда Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитеттин жыйынында “Жер казынасы жөнүндөгү” мыйзамдын 18- 54-беренелеринин аткарылышы тууралуу” маселе каралат. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде
Толук окуу...Бүгүн, 27-ноябрда Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин кезектеги жыйыны болот. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде
Толук окуу...Бүгүн, 24-ноябрда Элдик депутаттык тобу Ысык-Көл областында көчмө жыйын өткөрөт. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде
Толук окуу...