Депутат Рыскелди Момбеков: «Маймактыктардын көйгөйлөрүн чечүү аракетин аягына чыгарам»

19-12-2016 15:44

Талас облусунун Кара-Буура районундагы Маймак айылдык аймагынын көйгөйлүү маселелерин караган коомдук угуу болду. Айылдагы мектепе өткөн иш-чара Жогорку Кеӊештин депутаты Рыскелди Момбековдун демилгеси жана Улуттук демократиялык институттун колдоосу менен өткөрүлдү. Ага депутаттары Нодирбек Каримов, Музаффар Исаков, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, жергиликтүү тургундар менен бийлик жетекчилер да катышты.

Депутат Рыскелди Момбеков сөз сүйлөп, Маймакта чечилбей келаткан көйгөйлөр көп болуп жатканын, тез арада тиешелүү чаралар көрүлбөсө, ал анклавга айланып, Миң-Куш сыяктуу кароосуз кыштакка айлануу коркунучу бардыгын айтты.

Жыйын жүрүшүндө эл тарабынан көптөгөн социалдык көйгөйлүү маселелер көтөрүлдү. Негизинен маймактыктар 4 маселени оң жагына чечип, элдин түйшүгүн жеңилдетип берүүнү депутаттардын суранышты. Атап айтканда, Маймакка чек ара тилкесиндеги айыл макамын берүү, Маймактагы темир жол бекети үчүн айылдык аймакка жер салыгын төлөө, чек араны тактоо иштерин жүргүзүү жана айылдагы жумушсуздук маселесин чечүү.

Жолугушуу учурунда эмне үчүн Маймактагы 12 га жер Казакстандын ээлигине өтүп кеткени, эмне үчүн Маймак айылына салык төлөбөй жатканы боюнча суроо кабыргасынан коюлду. «Кыргыз темир жолу» ишканасынын директорунун орун басары Кубан Атабеков бул эки өлкөнүн өкмөттөр аралык сүйлөшүүлөрүнүн негизинде чечилип, натыйжада Маймактагы темир жол өткөн 12 га жер казак тарапка берилсе, Луговой-Чалдовар чек арасындагы 59 га жер кыргыз тарапка берилгенин айтты.

Эл өкүлдөрү Нодирбек Каримов менен Музаффар Исаков айылда чыны менен көйгөйлөр көп экенин белгилешип, ЖК депутаттары катары маймактыктардын арыз-муңдарын тиешелүү мамлекеттик органдарга жеткирип, аларды чечүүнү өкмөттөн талап кыла тургандыктарын билдиришти.

Коомдук угуунун соңунда депутат Рыскелди Момбеков жыйынтыктоочу сөз сүйлөп, көтөрүлгөн маселелер боюнча өз оюн айтты. Маймакка чек ара тилкесиндеги айыл макамын берүү маселесин чечсе болорун, буга чейин бул маселе көтөрүлбөгөнүн айтты. Ал эми темир жол өткөн 12 га жер үчүн 19 жылдан бери Маймак айылдык аймагына салык төлөбөй келатканын өкмөттүн шалаакылыгы, кайдыгерлиги катары баалады.

«Мен бул маселени Жогорку Кеңеште  кабыргасынан коюп, өкмөттү казак тарап менен сүйлөштүрүп, салык маселесин чечебиз. Кыргыздын жери болгондон кийин салык сөзсүз төлөнүшү абзел.  Болбосо, темир жол ишканасы маймактыктарга компенсация төлөп берсин…», - дейт депутат.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы

Көрүүлөрдүн саны : 572

Окшош жаңылыктар