Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

ЖАҢЫЛЫКТАР 19.12.16.

19-12-2016
08:03

Төрага Чыныбай Турсунбеков Иран Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Али Моджтаба Рузбехани менен жолугушуп, саясий жана соода-экономикалык кызматташтыкты чыӊдоо багытындагы маселелерди талкуулады. Парламенттер аралык байланыштын келечеги тууралуу да пикир алуулар болду. Чыныбай Турсунбеков Али Моджтаба Рузбеханини Кыргызстандагы дипломатиялык ишмердүүлүгүнүн башталышы менен куттуктады. "Иран менен болгон байланыш биз үчүн келечектүү мааниге ээ. Биздин мамлекеттер ортосунда эки жактуу кызматташуу алкагындай эле көп жактуу форматтарда дагы эч кандай карама-каршылыктар жок. Биз "Ирандын ядролук программасынын айланасындагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча иш-аракеттердин жалпы планынын" кабыл алынышын жана анын иш жүзүнө ашырыла башташын туура эле кабыл алдык. Санкциялардын алынышы Ирандын экономикасына гана жагымдуу шарт түзбөстөн, Кыргызстан баштаган башка өлкөлөргө да жакшы таасирин тийгизерине ишенем", - дейт ал.Өз кезегинде Али Моджтаба Рузбехани Чыныбай Турсунбековду жана жалпы кыргыз элин Конституциялык түзөтүүлөргө байланыштуу уюштурулган референдумдун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктап, чынында эле Кыргызстан аймактагы демократиялык республика катары таанылганын баса белгиледи.

Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү жетиштүү, Токтогул ГЭСи эч кандай аварияга учурабай, дурус иштеп жатат. Электр энергиясы сырттан импорттолгон жок. Депутат Исламбек Сарсейитов мындай жагдайда өлкө аймагында электр кубатына болгон тарифти төмөндөтүү маселесин кароо керектигин билдирди.

                             СНХ.И.САРСЕЙИТОВ

Депутат Алмазбек Эргешов коомчулукта өлкө аймагына келген чет элдиктерди 5 күндүн ичинде каттоо маселеси катуу талкууланып жаткандыгы боюнча маселе көтөрдү. Депутат республикада жалпысы 23 лыжа базасы бар экенин, бүгүнкү күндө Кыргызстанга кызыгуусун арткан көп туристтер каттоо көйгөйүнө туштугуп жатканын айтып, тиешелүү министрлик бул мөөнөттү 30 күнгө узартуу маселесин колго алышы керектигин белгиледи.

                            СНХ.А.ЭРГЕШОВ

Эл ташыган такси кызматы жана анын кызматкерлери боюнча ар кандай окуялар чыгып жатканына токтолгон депутат Жылдыз Мусабекова аларга лицензия берүүдө мурдагыдай ар күнү дарыгерлердин кароосунан өтүп,андан кийин жумушка чыгышы боюнча талап коюлса деген сунушун аткаруу бийлигине жолдоду.

                            СНХ.Ж.МУСАБЕКОВА

Депутат К.Иманалиев, - “Маалымат берүү, сертификация, лаборатория маселелерин чечүү талаптары орчундуу болуп турат. Ушул багыттагы иштерибиз алга жүрүп, еврорынокко чыга турган болсок, азыркы жалпы жеңилдиктерди берүү системасы 10 жылдык мөөнөт менен эле чектелбей, өз мөөнөтүн дагы  кошумча 10 жылга узарта алат”,- дейт ВПС+ статусу тууралуу түшүндүрмө берип.

                           СНХ.К.ИМАНАЛИЕВ

Бир гана айыл чарба же жеңил өнөр-жай товарларын гана эмес программалык IT продукцияларын дагы экспорттоодо кыргызстандын кеңири мүмкүнчүлүктөрү бар. Бул багытта иштеп жаткан таланттуу балдарыбыз быйыл Сорос фондусунун колдоосу менен ачылган IT академиясынан бир топ жакшы тажрыйбаларды үйрөнүп жатышкандыгын  Эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору Аскар Сыдыков  билдирди .

                          СНХ.А.СЫДЫКОВ

                       АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 19-декабрда өлкө аймагында  мезгил-мезгили менен кар жаайт. Жолдор тоңголок тартып тайгак болот. Тоолуу аймактарда кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге чейин жетет.  Абанын температурасы Чүй, Талас:-1...-6,  Ысык-Көл: 0…-5, Нарын, бийик тоолуу райондордо  -9…-14  градус суук болот. Баткен, Ош, Жалал-Абад:-3…+2 градус жылуу болот.  Бишкек шаарында бүгүн,19-декабрда мезгил-мезгили менен кар жааайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с жетет. Жолдор тоңголок тартып, тайгак болот. Абанын температурасы  -1…-3 градус  суук болот.

Окшош жаңылыктар

ЖАҢЫЛЫКТАР 01. 06.23.

Жогорку Кеңештин бүгүн, 1-июндагы жыйыны адаттагыдай эле “Ар кандай маселелер” саатынан башталат. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 31. 05.23.

Жогорку Кеңештин бүгүн, 31-майдагы жыйынында “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндөгү” конституциялык мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралат. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 30. 05.23.

Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет  бүгүн, 30-майдагы жыйынында “Элдик Курултай жөнүндөгү” конституциялык мыйзам долбоорун экинчи окууда карайт. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 29. 05.23.

Бүгүн, 29-майда Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитет Чүй областынын Кант шаарында көчмө жыйын өткөрөт. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 26. 05.23.

Бүгүн, 26-майда Жогорку Кеӊештин Төрагасынын алдындагы миграция, мекендештер жана чет өлкөлөрдөгү диаспоралар маселелери боюнча кеңештин жыйыны өтөт. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдагы шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 25. 05.23.

Төрага Н.Шакиев, - "Каржы министрлиги мугалимдердин жайкы эмгек өргүүсүнө төлөнүүчү каражаттар даярдалып жаткандыгын кабарлады" - дейт. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде

Толук окуу...