Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

ЖАҢЫЛЫКТАР 16.12.16

16-12-2016
08:05

Жогорку Кеӊеште мамлекеттик символдордун эталондук стандарттарынын сакталышын камсыз кылуу багытталган «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндөгү» мыйзамга сунушталган  өзгөртүүлөр экинчи окууда кабыл алынды.  Демилгечилердин айтмында, азыркы учурда мамлекеттик символика боюнча так эталондор жок экендиги аныкталды. Алсак, мамлекеттик символиканы колдонууда, бирдиктүү талаптар жана дизайн эске алынбастан, көптөгөн ар түрдүү варианттарды пайдаланууга жол берилет. Ошондон улам, мамлекеттик символиканын бир түрдүү болуусунун зарылчылыгын эске алып, КР Өкмөтүнө мамлекеттик символиканын техникалык параметрлерин кеңири сүрөттөгөн «Мамлекеттик символиканын эталондору тууралуу» укук ченемдик документти кабыл алуу сунушу берилүүдө.

Кечээ, 15-декабрда Жогорку Кеңеште “Статус ВСП+, мүмкүнчүлүктөр жана тоскоолдуктар” темасында “тегерек стол” болуп өттү. Анда ВСП+ алкагында Кыргыз Республикасы менен Европа бирлигиндеги өлкөлөрдүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн жергиликтүү өндүрүшчүлөрдүн мүмкүнчүлүктөрү менен дарамети талкууланды. Ага ылайык, “Кыргызстанда жасалган” деген белги аркылуу өнүмдөр толугу менен бажы алымдарынын бошотулат. Бул тууралуу “Парламент” радиосуна дагы кеңири маалымат берип, депутат Каныбек Иманалиев ВСП+ статусуна дүйнө жүзүндө 9 гана өлкө ээ экенин, анын ичинде Борбор Азиядан бул статусту Кыргызстан гана алгандыгын белгиледи.

                                 СНХ.К.ИМАНАЛИЕВ

Европа Бирлигинин Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн биргелешкен долбоорлору  Евробирлик өлкөлөрүнө продукцияларды экспорттоонун бир катар мөөнөттөрүн белгилеген. Ошого жараша сыртка сатыкка чыга турган товарлардын түрлөрү да аныкталган. Бул боюнча Экономика министринин орун басары Эльдар Абакировдун маалыматы:

                                 СНХ.Э.АБАКИРОВ

Эгерде жергиликтүү продукциянын сапаты жогорку евростандарттарга шайкеш келе турган болсо, анда Евробирлик Кыргызстанга өндүрүш инвестициялайт. 2017-жылы Кыргызстанга эксперттик комиссия келип, республиканын экспорттук потенциалына баа берет. Экспортко чыга турган продукциялардын катарында идиштерге куюлган таза суулар дагы бар,- дейт Эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору Аскар Сыдыков.

                                 СНХ.А.СЫДЫКОВ

Кыргызстан жеңил өнөр жай продукцияларын, экологиялык жактан таза айыл чарба өнүмдөрүн Европа биримдигиндеги мамлекеттерге экспортко чыгара алат. Тиешелүү мамлекеттик түзүмдөр өндүрүш ишканаларына зарыл делген документтерди жана сертификаттарды берүүгө көмөк көрсөтүшү керек. Бул багытта жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын дагы маалыматы болуп, ишти жандандырууга салымдаш болууга тийиш,- дейт “Бизэксперт” аналитикалык борборунун аткаруучу директору Улук Кыдырбаев “Парламент” радиосуна буларды билдирип.

                                 СНХ.У.КЫДЫРБАЕВ

 “Афганистан апаатында 55 миң жоокерибиз жаракат алган болсо, акыркы 10 жылда жол кырсыктарынын айынан жаракат алгандардын эсеби 65 миң кишиге жетиптир. Андыктан, автожолдордун сапатынан тартып, унааны башкарган айдоочуларыбыз менен жолдо жүргөн жүргүнчүлөргө чейин милдеттүү түрдө жол эрежелерин сакташы керек. Сергек турмуш образы дагы бул жерде эң маанилүү талаптардын бири”,- дейт депутат А.Жапаров.

                               СНХ.А.ЖАПАРОВ

                           АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 16-декабрда Бишкек шаарын эске албаганда,  өлкөнүн калган аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу аймактарда жолдор тайгак, тоңголок болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрди түзөт. Абанын температурасы: Чүй, Талас, Баткен:10…15; Ош, Жалал-Абад:8...13, Ысык-Көл:3...8 градус жылуу болот. Нарын:-7…-12, бийик тоолуу райондордо -8…-13 градус суук. Бишкек шаарында бүгүн, 16-декабрда жаан жаайт, кар жок. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы 13…15градус жылуу болот.

Окшош жаңылыктар

ЖАҢЫЛЫКТАР 29.11.23.

Бүгүн, 29-ноябрдагы жыйынында Жогорку Кеңеш бир нече ратификациялык майзам долбоорлору менен катар эле “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндөгү” мыйзамдын өзгөртүүлөрүн үчүнчү окууда карайт. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 28.11.23.

Бүгүн, 28-ноябрда Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитеттин жыйынында “Жер казынасы жөнүндөгү” мыйзамдын 18- 54-беренелеринин аткарылышы тууралуу” маселе каралат. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 27.11.23.

Бүгүн, 27-ноябрда Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин кезектеги жыйыны болот. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 24.11.23.

Бүгүн, 24-ноябрда Элдик депутаттык тобу Ысык-Көл областында көчмө жыйын өткөрөт. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 23.11.23.

Бүгүн, 23-ноябрдагы Жогорку Кеңеш жыйынында депутат  болуп шайланып келген Чынберди Толоновдун ант берүүсү болот. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 22.11.23.

Бүгүн, 22-ноябрдагы Жогорку Кеңеш жыйынында “Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндөгү” мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралат. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде

Толук окуу...