Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Жергиликтүү товарлардын 6200 түрү еврорынокко чыгарылат

15-12-2016
17:04

Бажы биримдигине кошулганда негизги 4 багыт өз жыйынтыгын бериш керек эле. Алар - жумушчу күчтөрдүн эркин жүрүшү, товарлардын кеңири алмашуусу, кызмат көрсөтүү менен капиталдын  эркин айлануусу. “Бирок, азыркы күндө товарлардын эркин айлануусунда аталган биримдиктеги башка мамлекеттер утушка жетишсе жетишип жаткандыр, бирок биз азырынча ийгилик жарата албадык. Товарларыбызды сыртка чыгууда тоскоолдуктарга кабылып турганда башка бир рынокту издөө зарылчылыктары жаралды.  Мындай шартта Европалык биримдикке мүчө болгон 27 мамлекеттин  жалпы артыкчылыктарды берүү системасы биз үчүн ыңгайлуу болуп турат”,- деп билдирди депутат Каныбек Иманалиев бүгүн, 15-декабрда “Парламент” радиосунун түз эфиринде болуп.

Ошондой эле депутат, - “Маалымат берүү, сертификация, лаборатория маселелерин чечүү талаптары орчундуу болуп турат. Ушул багыттагы иштерибиз алга жүрүп, еврорынокко чыга турган болсок, азыркы жалпы жеңилдиктерди берүү системасы 10 жылдык мөөнөт менен эле чектелбей, өз мөөнөтүн дагы  кошумча 10 жылга узарта алат”,- деп түшүндүрдү.

Жергиликтүү шартта өндүрүлгөн товарлардын 6200 түрүн еврорынокко алып чыгууда бажы алымдары алынбай турган болду. Бул тууралуу маалыматтар менен ошол эле уктурууга катышкан КР Экономика министринин орун басары Эльдар Абакиров тааныштырды. Ошондой эле ал, -“Сыртка экспорттоло турган товарлардын катарында төө бурчак, жаңгак, кургатылган мөмө-жемиштерден тартып, текстилдик продукцияларга чейин бар”,- дейт.

Бир гана айыл чарба же жеңил өнөр-жай товарларын гана эмес программалык IT продукцияларын дагы экспорттоодо Кыргызстандын кеңири мүмкүнчүлүктөрү бар. Бул багытта иштеп жаткан таланттуу балдарыбыз быйыл Сорос фондусунун колдоосу менен ачылган IT академиясынан бир топ жакшы тажрыйбаларды үйрөнүп жатышкандыгын  Эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору Аскар Сыдыков  билдирди.

Кыргызстан жеңил өнөр жай продукцияларын, экологиялык жактан таза айыл чарба өнүмдөрүн Европа биримдигиндеги мамлекеттерге экспортко чыгарууда жергиликтүү дыйкан-фермерлердин эмгегине көбүрөөк таянат. Ошондуктан, аларга маалыматты жеткиликтүү түшүндүрүү милдет. Бул багытта жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары да ишти жандандырууга салымдаш болуш керек,- дейт ошол эле радиоуктурууга катышкан “BizExpert” аналитикалык борборунун аткаруучу директору Улук Кыдырбаев.

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы