JICA мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин адистигин жогорулатуу багытында 231 млн йен бөлөт

20-06-2016 12:23

Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитети «КР Өкмөтү менен Япония Өкмөтүнүн ортосундагы Алмашуу ноталарынын долбоору жана КР Өкмөтү менен Япония эл аралык кызматташтык агенттигинин ортосундагы “Адам ресурстарын өнүктүрүү боюнча стипендиялык программа” долбоору боюнча грантты Япония Өкмөтү тарабынан КР Өкмөтүнө берүү жөнүндө Гранттык макулдашуунун долбоорун жактырды.

Өкмөттүн берген маалыматына караганда, Япония эл аралык кызматташтык агенттиги (JICA) мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин адистигин жогорулатуу багытында Кыргызстанга 231 млн жапон йен өлчөмүнд гранттык каражат бөлөт. Ал карадатка кызматкерлер Жапонияда тажырыйба алмашып, өз адистиги боюнча билимин өркүндөтмөкчү.

КР ЖК Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 436

Окшош жаңылыктар