Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

ЖАҢЫЛЫКТАР 15.12.16

15-12-2016
08:39

Төрга орун басары Алтынай Өмүрбекова Канаданын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Шон Стайл менен жолугушуп, эки өлкө ортосундагы кызматташтык мамилелерди өнүктүрүү жаатында пикир алышты. Вице-спикер өз сөзүндө бул жолугушуу Кыргызстанда жергиликтүү кеӊештердин депутаттарын шайлоо жана Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча референдум өткөндөн кийин болуп жатканын, ал биздин өлкөнүн демократия жолунан тайбай келатканын дагы бир ирет айкын көрсөткөнүн белгиледи. Элчи Шон Стайл жаӊы технологиянын жана биометрикалык маалыматтардын негизинде өткөрүлгөн референдумдун жыйынтыгынан кабары бар экенин, эл аралык байкоочулардын берген баасы Кыргызстанда ачык-айкындуулук өкүм сүрүп жатканынын белгиси болуп санала турганын айтты. «Биз эки өлкөнүн ортосундагы, анын ичинде парламенттер аралык кызматташтык мамилелерди чыӊдоо аракетин көрүп жатабыз», - деди ал. Андан сырткары, жолугушуу жүрүшүндө «Кумтөр» алтын кенинин айланасында маселе козголуп, Канада тарап эки жактын теӊ кызыкчылыгын канааттандыра турган чечимдерди кабыл алууга даяр экенин билдирди.

11-декабрда өткөн референдумда техникалык кемчиликтердин айынан добуш бере албай калгандар болду. Буга Мамлекеттик каттоо кызматы жооп бериши керек,- дейт депутат Азамат Арапбаев парламенттин кечээки жыйынында.

                                 СНХ.А.АРАПБАЕВ

Суроо-жооп маалында борбор калаада шайлоонун астында айрым үйлөрдө кошумча адамдар катталып калган жагдайлардын болгону дагы айтылды. Добуш берүү маалында операторлордун айрым мүчүлүштүктөрү боюнча аларды туура, так окутпаган Мамкаттоо кызматынын катасы катары белгиленди. Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашев айрым адамдардын биометрикалык маалыматы чыкпай калган учурда, ошол эле компьютердин жардамы менен анын көздөрү жана кулактарынын ортосунун аралыгы аркылуу таануу ыкмасын сынап көрөрүн маалымдады. Анын пикиринде, бул ыкма менен адам фактору жокко чыгат, компьютер өз алдынча чечим кабыл алат.

                               СНХ.Т.САРПАШЕВ

Депутат Акылбек Жапаров мас абалында автоунаа айдагандар биринчи жолу кармалса, айып пул салып, экинчи жолу мас абалында кармалса, түбөлүккө айдоочулук укуктан ажыратууну сунуштоодо. Коопсуз шаар долбоорун дагы тезинен ишке киргизүү зарылчылыктарын  атаган депутат парламенттик радиого буларды билдирди.

                                СНХ.А.ЖАПАРОВ

Жогорку Кеӊеште депутаттар тобу тарабынан иштелип чыгып, коомдук тартипти бузган адамларга карата жаза чараларын катуулатууга багытталган “КР Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралып, үчүнчү окууда кабыл алынды. Демилгечилер коомдук жайларда, атайын белгиленбеген жерлерде ичимдик ичкен адамдар көп кездеше баштаганын белгилейт. Ал эми балдар жаштайынан тартып мындай көрүнүштү жөн-жай нерсе катары карай башташты. Ошондон улам, административдик айып өлчөмүн кескин көтөрүү чаралары сунушталууда. Ошентип, мыйзам долбоорунда аларга азыркы 100-300 сомдун чектериндеги айыптын өлчөмүн 1000ден-3000ге чейин, жаштар тарабынан укук бузгандыгы үчүн алардын ата-энелерине азыркы 100дөн 200 сомдон 2 миңден 3000 сомго чейин, жашы жетелек балдарды терс жүрүм-турумдарга тарткандыгы үчүн азыркы 1000-2000 сомдон 5000-10000 сомго чейин көбөйтүү сунушталган. Ар бир көрүлө турган чаралар тууралуу маалыматтар кала берсе коомдук транспорттордо дагы чагылдырылып, тиешелүү жерлерге чапталып коюлса,-деп депутат Ирина Карамушкина сунуш берди.

                               СНХ.И.КАРАМУШКИНА

Коомдук транспорттордун интервалдарын тактап, алардагы жол кире акыларын электрондук тартипте жүргүзүү шарттары колго алынат. Ар бир аялдамага жеткенде анын дареги автоматтык түрдө айтылып турат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын транспорт башкармылыгынын жетекчисинин орун басары Нурлан Атыканов билдирди.

                              СНХ.Н.АТЫКАНОВ

                           АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 15-декабрда өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу аймактарда жана тоо этектеринде жолдор тоңголок тартып, тайгак болот. Түштүк-чыгыштан сокон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с жетет. Абанын температурасы Чүй:9...14, Талас, Ош, Жалал-Абад:7...12, Баткен:6...11, Ысык-Көл: 4...9 градус жылуу болот. Нарын: -1...-6 градус суук болот. Бишкек шаарында бүгүн, 15-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с жетет. Абанын температурасы 12...14 градус жылуу болот.

Окшош жаңылыктар

ЖАҢЫЛЫКТАР 29. 05.23.

Бүгүн, 29-майда Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитет Чүй областынын Кант шаарында көчмө жыйын өткөрөт. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 26. 05.23.

Бүгүн, 26-майда Жогорку Кеӊештин Төрагасынын алдындагы миграция, мекендештер жана чет өлкөлөрдөгү диаспоралар маселелери боюнча кеңештин жыйыны өтөт. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдагы шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 25. 05.23.

Төрага Н.Шакиев, - "Каржы министрлиги мугалимдердин жайкы эмгек өргүүсүнө төлөнүүчү каражаттар даярдалып жаткандыгын кабарлады" - дейт. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 24. 05.23.

Бүгүн, 24-майдагы жыйынында Жогорку Кеңеш “Жаштар жөнүндөгү” мыйзам долбоорун экинчи окууда карайт. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 23. 05.23.

Бүгүн, 23-майда Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитет Чүй областында көчмө жыйын өткөрөт. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 22. 05.23.

Бүгүн, 22-майда Социалдык саясат боюнча комитет “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндөгү” конституциялык мыйзам долбоорун үчүнчу окууга алып чыгат. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде

Толук окуу...