Депутаттар тобу бюджеттин насыя каражаттарын берүү жана кайтаруу тартибин кайрадан ыраатташтыруу демилгесин көтөрдү

20-06-2016 11:56

Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинде бюджеттин насыя каражаттарын берүү жана кайтаруу тартибин кайрадан ыраатташтырууга багытталган «Бюджеттик насыя берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоору каралып, анын концепциясы добуш берүүгө жөнөтүлдө. Мыйзам долбоорунун демилгечилери – депутаттар А.Назаров, А.Жапаров, К.Исаев.

Демилгечилердин бири депутат Айтмамат Назаровдун айтымында, мыйзам долбоорунда бюджеттик насыяларды берүү талабы каралган. «Насыялык карызы бар тармактарды мамлекет тарабынан каржылабоо талап киргизилүүдө. Ал эми Каржы министрлиги мындай талапты мөөнөтү өтүп кеткен карызы бар жактарга карата гана колдонуу өтүнүчүн билдирүүдө», деди ал.

Андан сырткары, бюджеттик насыя карыздарынын ар бири өзүнчө мыйзам түрүндө Жогорку Кеӊештин макулдугу менен гана кечилери, ал эми насыянын эскирүү мөөнөтү таптакыр алынып салына турганы белгилүү болду.

Депутат Таабалды Тиллаев көп жылдардан бери энергетика тармагындагы уурдалган каражаттын ордун элдин эсебинен толтуруп келатканыбызды эсе салды. «Эгемендикке ээ болгондон бери энерготармакка 99 млрд сом насыя берилиптир. Биз мындай кадам менен калктын чөнтөгүндөгү акчаны ууру-кесилердин чөнтөгүнө салып берип, ал тармакты өлүмтүк абалга жеткирдик», - дейт эл өкүлү.

Мыйзам долбоорун колдогон каржы министри Адылбек Касымалиев Кыргызстандын соӊку тарыхында мамлекеттик насыяны кайтаруу механизми киргизилип жатканын белгилөө менен, мыйзам долбоорунун демилгечилерине ыраазычылык билдирди.

Малекеттик өнүктүрүү фондунун директору Жусупали Төрөмаматов ушу тапта көптөгөн бюджеттик каражаттар кайра кайтарылбай жатканын белгиледи. «Мисалы, өнөр жай тармагына 136 млрд 227 млн сом берилсе, 41 млрд 512 млн сом кайтарылган, энергетика тармагына 107 млрд 787 млн сом берилсе, 25 млрд 750 млн сом кайтарылган. Транспорт тармагына 6 млрд 408 млн сом берилсе, 3 млрд 938 млн сом кайтарылган, банктарга берилген 8 млрд 151 млн сомдун 5 млрд 646 млн сому гана кайтарылган. Карыздардын 80 пайызы энерготармакка тиешелүү», - дейт ал.

КР ЖК Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 413

Окшош жаңылыктар