ЖАҢЫЛЫКТАР 14.12.16

14-12-2016 07:53

Жогорку Кеңеш бүгүн, 14-декабрдагы жыйынында  “Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорун үчүнчү окууда карайт  “Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндөгү” мыйзамга сунушталып жаткан өзгөртүүлөр дагы талкууга чыгат. “Ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндөгү” мыйзамга кошумчаланып жаткан түзөтүүлөр Өкмөт тарабынан демилгеленип экинчи окууга сунушталууда.

Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет мамлекеттик символдордун эталондук стандарттарынын сакталышын камсыз кылууга багытталган «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндөгү» мыйзамга сунушталган өзгөртүүлөрдү экинчи окууда жактырды. Демилгечилердин айтмында, азыркы учурда мамлекеттик символика боюнча так эталондор жок экендиги аныкталды. Алсак, мамлекеттик символиканы колдонууда, бирдиктүү талаптар жана дизайн эске алынбастан, көптөгөн ар түрдүү варианттарды пайдаланууга жол берилет. Ошондон улам, мамлекеттик символиканын бир түрдүү болуусунун зарылчылыгын эске алып, КР Өкмөтүнө мамлекеттик символиканын техникалык параметрлерин кеңири сүрөттөгөн «Мамлекеттик символиканын эталондору тууралуу» укук ченемдик документти кабыл алуу сунушу берилүүдө.

Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитет ордо калаанын инфратүзүмүн жакшыртууга багытталган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы насыялык макулдашуу боюнча ратификациялык мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды. Автоунаа каражаттарын сатып алуу жана коомдук транспорт менен камсыз кылуу стратегиясы да иштелип чыккан. Азыркы учурда Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын линиясы боюнча 15,6 миллион евро өлчөмүндө каржыланган Бишкек шаарынын коомдук транспортун өнүктүрүү долбоорун ишке ашыруу мөөнөтү аяктоодо, анын ичинен насыялык каражаттар 10,1 млн еврону, гранттык каражаттар 5,5 еврону долларын түздү. Бул долбоор 2012-жылы ишке ашырыла баштаган. Долбоордун алкагында 79 жаңы троллейбус, 5 бирдик көмөкчү техника, байланыш өткөргүчү, күч кабели, тартуучу көмөк-чордондор үчүн жабдуулар жана башка материалдар сатылып алынды. Бирок, унаа дагы эле жетишсиз. Ошондон улам, долбоорду улантуу жана кошумча 8,424 млн евро көлөмүндө каржылоо жөнүндө макулдашууга жетишилди. Анын ичинде 1,2 млн еврого 50 троллейбус сатылып алынмакчы. Насыя 10 жылдык мөөнөткө берилет, анын алгачкы 2 жылы жеӊилдетилген мөөнөт болуп саналат. Долбоор 2017-жылдын 31-декабрында аяктайт. Бишкектин вице-мэри Геннадий Милицкийдин айтымында, Бишкек шаары үчүн жок дегенде 300 автобус сатып алынууга тийиш. Азыр автоунааларды лизингге алуу чаралары көрүлүүдө. “Көчөдө автоунаа көп. Азыркы учурда ордо калаада 180 троллейбус, 3 миӊден ашуун мироавтобус жүргүнчү ташыйт. 1 троллейбус  4 микроавтобусту алмаштырат. Борбордун көчөлөрүндөгү автоунаалардын санын азайтуу үчүн кеминде 600 троллейбус керек”, - дейт ал.

Депутат Бахадыр Сулейманов шаар өнүгүп жаткан менен, жаңы конуштардагы инфраструктураны караш керек. Кандай жаңы троллейбус линиялары ачылды деген суроону койду.

                           СНХ.Б.СУЛЕЙМАНОВ

Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин кечээки жыйынында “КР айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине, “Кылмыш жаза кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору 1-окууда каралды. Демилгечилердин бири депутат Акылбек Жапаровдун маалыматы боюнча, мамлекеттик же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери мас абалында жол эрежелерин жана транспорт каражаттарын пайдалануу эрежелерин көпчүлүк учурда бузгандыгы тууралуу фактыны эске алуу менен аталган кодекстерге өзгөртүүлөр киргизилип жатат. Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштар жазанын жаңы түрүн – транспорт каражаттарын башкаруу укугунан өмүр бою ажыратуу жазасын киргизүү сунушталууда. Жабырлануучунун ден соолугуна оор жаракат алып келгендиги же анын курман болгондугу же болбосо бир нече адамдын курман болгондугу үчүн жоопко тартылат. Алкоголь, баңги зат колдонгон абалында унаа айдап жол эрежесин бузгандарга жазаны катуулатуу сунуш кылынат. Андан тышкары Администарциялык жоопкерчилик жөнүндө кодекске өздөрүнүн иш-милдеттерин аткарбагандыгы же толук өлчөмдө аткарбагандыгы үчүн ички иштер органдарынын кайгуул милиция кызматкерлеринин жоопкерчилигин караган жаңы берене да киргизилип жатат.

“Социалдык технологиялар агенттиги” коомдук бирикмесинин жетекчиси Зульфия Көчөрбаеванын айтымында, былтыркы жылы үй-бүлөдөгү зордук-зомбулуктан жабыркап, медициналык жардам алууга 5661 киши кайрылган. Алардын арасында аялдардан тышкары жаш балдар менен кары-картаңдар бар. Көбүнчө алар милиция органдарына же медиктерге караганда кризистик борборлорго ишенип, ошолорго кайрылышат. Бирок, кризистик борборлордун саны аз. Бул багытта сунушталып жаткан мыйзам долбоорунда аталган жайлардын санын көбөйтүү жагы айтылууда.

                          СНХ.З.КӨЧӨРБАЕВА

“Ар бир ата-эне балага күнүгө жок дегенде 15 минут убактысын бөлүп, жомок китептерин окуп берүүнү адатка айландырышы керек”,- деп кеңеш берет Балдардын өнүгүүсү боюнча көз карандысыз эксперт Айгүл Камалова.

                         СНХ.А.КАМАЛОВА

                     АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 14-декабрда өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу аймактарда автожолдор тайгак, тоңголок болот. Түштүк- чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 3-8 метрге жетет. Абанын температурасы Чүй:+9...+14; Талас, Баткен: +7...+12;  Ош, Жалал-Абад:+6...+11; Ысык-Көл: +3...+8 градус жылуу болот. Нарын: 0...-5 градус суук. Бишкек шаарында бүгүн, 14-декабрда жаан-чачын болбойт. Түштүк-чыгыштан ылдамдыгы 3-8 метрди түзгөн шамал согуп турат. Абанын температурасы +12...+14 градус жылуу болот.

Көрүүлөрдүн саны : 331

Окшош жаңылыктар