Сот тутумунун мыйзамдык базасын өркүндөтүү алкагында иштелип чыккан кодекстер ишке киргизилет

13-12-2016 12:45

Жогорку Кеӊештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана ЖК Регламенти боюнча комитети сот реформасынын мыйзамдык базасын өркүндөтүү алкагында иштелип чыккан «КР Жарандык процесстик кодексин, КР Административдик-процесстик кодексин жана «Соттук аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу» КР мыйзамын колдонууга киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорун үчүнчү окууда жактырды.

Мыйзам долбоорлорунун демилгечилери – депутаттар Узарбек Жылкыбаев, Асел Кодуранова, Максат Сабиров, Нурбек Алимбеков, Жаныбек Бакчиев, Аскарбек Шадиев, Алмамбет Шыкмаматов. Жогоруда аталган кодексттер менен мыйзам долбоору кабыл алынып калса, алар расмий жарыялангандан тартып ишке киргизилүүгө тийиш.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда сот реформаларын ишке ашыруу боюнча демилгечи депутаттар тобунун курамына V чакырылыштагы Жогорку Кеӊештин депутаттары Өмүрбек Текебаев, Токтогул Туманов, Наталья Никитенко, Курмантай Абдиев, Галина Скрипкина, Тынчтык Шайназаров, Эристина Кочкарова кирген.

КР ЖК Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 389

Окшош жаңылыктар