Кодекстин жаӊы долбоорунда мамлекеттик органдардын иш-милдети кыйла такталып берилди

13-12-2016 12:14

Жогорку Кеӊештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети сот реформасынын мыйзамдык базасын өркүндөтүү алкагында иштелип чыккан мыйзамдар топтомунун курамына кирген КР Админстративдик-процесстик кодексинин жана КР Жарандык-процесстик кодексинин долбоорлорун үчүнчү окууда жактырды.

Демлгечи депутаттар тобунун маалыматына караганда, сот реформасынын өткөн чакырылыштын алты кодекстин долбоору иштелип чыккан. Мындай ири мыйзамдардын долбоорлорун иштеп чыгууга жергиликтүү жана эл аралык эксперттер, практик юристтер менен адистер тартылган.

Азыр иштеп жаткан мыйзамда мамлекеттик органдардын ыйгарым укуктары анчалык такталбай калгандыктан, Административдик-процесстик кодекстин долбоорунда мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иш-аракети кыйла такталып берилди. Мыйзам долбоорунун негизги максаты мамлекеттик бийлик органдарынын баардык иш-аракетин мыйзам алкагына алып келүү болуп саналат.

Тармактык комитеттин төрайымы Асел Кодуранованын айтымында, Админстративдик-процесстик кодекстин долбоорлору боюнча парламенттик угуу өткөрүлгөн, ошондой эле, биринчи жана экинчи окуу жүрүшүндө берилген сунуштардын баары талданып чыгып, алгылыктуулары эске алынды.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда сот реформаларын ишке ашыруу боюнча демилгечи депутаттар тобунун курамына V чакырылыштагы Жогорку Кеӊештин депутаттары Өмүрбек Текебаев, Токтогул Туманов, Наталья Никитенко, Курмантай Абдиев, Галина Скрипкина, Тынчтык Шайназаров, Эристина Кочкарова кирген.

КР ЖК Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 1364