Кыргызстан менен Австрия, Түркия инвестицияларды колдоо жана коргоо боюнча макулдашууга жетишти

13-12-2016 10:59

Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети КР Өкмөтү менен Австрия Өкмөтүнүн ортосундагы Инвестицияларды колдоо жана коргоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо боюнча ратификациялык мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды.

Эки тараптуу экономикалык байланыштарды кеңейтүүдө укуктук базанын негизи болуп саналган Инвестицияларды колдоо жана коргоо жөнүндө макулдашуунун мааниси зор, ал түз инвестиция агымын арттырууга түрткү берет.

Андан сырткары, Түркия менен болгон ушундай эле өӊүттөгү макулдашуу да жактырылып, аны парламенттин кароосуна чыгаруу чечими кабыл алынды.

КР ЖК Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 461

Окшош жаңылыктар