Кечээ, 12-декабрда Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин Парламенттер аралык ассамблеясынын байкоочулар миссиясынын мүчөлөрү Жогорку Кеӊеште маалымат жыйын өткөрүп, 11-декабрдагы жергиликтүү кеӊештердин депутаттарын шайлоолор менен Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча референдум жогорку деӊгээлде өткөнүн билдирди. КМШ ПААнын байкоочулар миссиясынын координатору, Армениянын Улуттук жыйынынын (парламентинин) төрагасынын орун басары Эдуард Шармазанов, Азербейжандын Милли Мажилисинин Саламаттык сактоо комитетинин төрагасынын орун басары Муса Гулиев, Тажикстандын Оли Мажилисинин Номаяндоган Мажилисинин Энергетика, өнөр жай, курулуш жана коммуникациялар комитетинин мүчөсү Абдуназар Хисрав, КМШ ПАА Кеӊешинин башкы катчысынын орун басары Айк Чилингардян Кыргызстанда болгон төрт күндүн ичинде Жогорку Кеӊештин жана Өкмөттүн, Борбордук шайлоо комиссиясынын жетекчилиги, референдум боюнча «Макул» жана «Каршы» топтору менен бир катар жолугушууларды өткөрүшкөнүн белгилешти. «Кыргызстан демократиялуу туура жолдо баратканына күбө болдук»,- деп билдирди КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын байкоочулар миссиясынын координатору, Армениянын Улуттук жыйынынын төрагасынын орун басары Эдуард Шармазанов кечээ, 12-декабрдагы Жогорку Кеӊеште өткөн маалымат жыйынында.
СНХ.ЭДУАРД ШАРМАЗАНОВ
Миссия башчысы КМШ ПААнын байкоочулар миссиянын курамында 24 өкүл бар экенин, анын өзөгүн КМШ өлкөлөрүнүн парламент мүчөлөрү түзө турганын, миссия өкүлдөрү Кыргызстандагы эле эмес, чет өлкөлөрдөгү шайлоо участкаларында да байкоо жүргүзгөнүн билдирди. «Шайлоо толугу менен улуттук мыйзамдарга жана эл аралык стандарттарга ылайык өттү», - деди Эдуард Шармазанов. Ал шайлоочулардын добушун сатып алуу жосуну баардык эле өлкөлөрдө чоӊ көйгөй жаратып жатканын белгиледи. «Албетте, шайлоодо жаӊы технология менен биометрикалык маалыматтарды колдонуу усулу өз артыкчылыгын көрсөттү. Айрым бир техникалык үзгүлтүктөр байкалды, бирок ал өз маалында четтетилип турду. Армения да мындай усулду колдонуу жагын караштырууда. Эӊ негизгиси, биз жарандарыбыздын шайлоо маданиятын көтөрүшүбүз керек», - деп жыйынтыктады өз сөзүн Эдуард Шармазанов.
Отун-энергетика комплекси жана жер казыналарын пайдалануу боюнча комитет бүгүн, 13-декабрдагы жыйынында жарандардын акылдуу эсептегичтердин орнотулушу боюнча кайрылууларын карайт.
Экономика жана фискалдык саясат боюнча комитет болсо Жогорку Кеңештин 2016-жылдын 31-мартындагы № 412-VI «Инвестицияларды тартуу жана коргоо, ишкердикти өнүктүрүү, товарларды өндүрүү жана тышкы рынокко өткөрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн саясаты жөнүдөгү» токтомунун аткарылышын талкууга алып чыгат. Ошондой эле «Жеткиликтүү турак жай 2015-2020» программасынын ишке ашыруусу боюнча Кыргыз Рееспубликасынын Өкмөтүнүн маалыматын угуп, Мамлекеттик ипотекалык компаниясынын ишмердүүлүгү жөнүндөгү» маселени талдамакчы. «Туризм чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу жана 2016-жылдын жайкы туристтик сезонуна даярдык көрүү боюнча чаралар жөнүндө» Өкмөттүн маалыматына орун берилип, Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Чолпон Султанбекова баяндама жасайт.
20-декабрында Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин демилгеси менен депутаттар тобу тарабынан иштелип чыккан “Массалык маалымат каражаттары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорун талкуулоого арналган парламенттик угуу өткөрүлөт. Парламенттик угуу Жогорку Кеӊештин жыйындар залында саат 9:00дө башталат. Парламенттик угууга Жогорку Кеңештин депутаттары, мамлекеттик органдар менен мекемелердин, жарандык коомдун, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, чыгармачыл уюмдар менен эксперттер чакырылган. Кошумча маалымат алуу телефону: 63-86-89
Төрага Чыныбай Турсунбеков Стамбул шаарындагы бейкүнөө адамдардын өмүрүн алган жан кечтилик аракетке байланыштуу, Туркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы Исмаил Кахраманга көӊүл айтуу телеграммасын жөнөттү."11-декабрь күнү бейкүнөө адамдардын өмүрүн алган Стамбулдагы жан кечтилик окуяга байланышкан суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Мындай кылмышка кечирим кылуу мүмкүн эмес, жан кечтилик окуянын айыпкерлери сөзсүз жазасын алууга тийиш. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин жана өзүмдүн атымдан каза болгондордун туугандарына жана жакындарына чын дилимден көӊүл айтып, жаракат алгандардын тез арада сакайып кетишин тилейм”,- деп айтылат көңүл айтуу телеграммасында.
АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ
Бүгүн, 13-декабрда өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок тартып, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9, Ысык-Көлдүн акваториясында 15-20 м/с жетет. Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад+3...+8, Талас,Баткен: +2...+7, Ысык-Көл:0...+5 градус жылуу болот. Нарын: 0...-5 градус суук болот. Бишкек шаарында бүгүн, 13-декабрда күн ачык болот. Жолдор тоңголок тартып, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с жетет. Абанын температурасы +5...+7 градус жылуу болот.
Төрага Н.Шакиев, - "Каржы министрлиги мугалимдердин жайкы эмгек өргүүсүнө төлөнүүчү каражаттар даярдалып жаткандыгын кабарлады" - дейт. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде
Толук окуу...Бүгүн, 24-майдагы жыйынында Жогорку Кеңеш “Жаштар жөнүндөгү” мыйзам долбоорун экинчи окууда карайт. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде
Толук окуу...Бүгүн, 23-майда Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитет Чүй областында көчмө жыйын өткөрөт. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде
Толук окуу...Бүгүн, 22-майда Социалдык саясат боюнча комитет “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндөгү” конституциялык мыйзам долбоорун үчүнчу окууга алып чыгат. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде
Толук окуу...Бүгүн, 19-майда “Ата-Журт Кыргызстан” парламенттик фракциясы Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигинин маалыматын угат. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде
Толук окуу...Жогорку Кеңештин бүгүн, 18-майдагы жыйыны адаттагыдай эле “Ар кандай маселелер” саатынан башталат. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде
Толук окуу...