Төрага Чыныбай Турсунбеков Стамбулдагы террактка байланыштуу Туркиянын парламент төрагасы Исмаил Кахраманга көңүл айтты

12-12-2016 16:06

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков Стамбул шаарындагы бейкүнөө адамдардын өмүрүн алган жан кечтилик аракетке байланыштуу, Туркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы Исмаил Кахраманга көӊүл айтуу телеграммасын жөнөттү.

Төмөндө көӊүл айтуу текстин келтиребиз:

"11-декабрь күнү бейкүнөө адамдардын өмүрүн алган Стамбулдагы жан кечтилик окуяга байланышкан суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Мындай кылмышка кечирим кылуу мүмкүн эмес, жан кечтилик окуянын айыпкерлери сөзсүз жазасын алууга тийиш.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин жана өзүмдүн атымдан каза болгондордун туугандарына жана жакындарына чын дилимден көӊүл айтып, жаракат алгандардын тез арада сакайып кетишин тилейм”.

            Тереӊ кайгыруу менен,

Чыныбай Турсунбеков,

 Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеӊешинин Төрагасы

Көрүүлөрдүн саны : 2218

Окшош жаңылыктар