Жогорку Кеңештин Төрагасы Ч.Турсунбеков КМШ Парламенттер аралык Ассамблеясынын эл аралык байкоочуларын кабыл алды

12-12-2016 14:53

Бүгүн, 12-декабрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков Конституцияга түзөтүүлөрдү киргизүү үчүн уюштурулган референдумга жана жергиликтүү кеңештерге өткөн шайлоолорго байкоо салуу максатында келген КМШга мүчө-мамлекеттердин Парламенттер аралык ассамблеясынын эл аралык байкоочулары менен жолугушту.

Жолугушууга КМШ Парламенттер аралык Ассамблеясынын эл аралык байкоочулар тобунун координатору, Армения Республикасынын Улуттук Жыйынын төрагасынын орун басары Эдуард Шармазанов, Азербайжан Республикасынын Улуттук Жыйынынын саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Гулиев Муса Исаоглу, Тажикстан Республикасынын парламентинин Энергетика, өндүрүш, курулуш жана коммуникация боюнча комитетинин мүчөсү Абдуназар Хисрав, КМШга мүчө-мамлекеттердин Парламенттер аралык ассамблеясынын Башкы катчысынын орун басарлары Айк Чилингарян менен Нурбек Сатвалдиев, Демократиянын, парламентаризмдин өнүгүшүн жана шайлоочулардын укугунун сакталышын көзөмөлдөөчө эл аралык институттун жетекчиси Дмитрий Гладев, ошондой эле Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Абдывахап Нурбаев катышты.

Жогорку Кеңештин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков КМШга мүчө-мамлекеттердин Парламенттер аралык ассамблеясынын эл аралык байкоочулар тобунун шайлоолорду көзөмөлгө алышы өтө маанилүү экенин белгилеп, Кыргызстанда коомдук тартипти, добуш берүүдөгү ачык-айкындуулукту жана референдум учурунда жарандарга өз укуктарын эркин пайдаланууну жогорку деӊгээлде камсыздоо боюнча бир катар иштер жасалгандыгын айтты. “Айрыкча, шайлоону жана референдумду даярдоодо жана өткөрүүдө чет өлкөлүк жана ички байкоочуларды катыштырганыбыз эл аралык стандарттарга шайкеш келет деген ойдобуз",- деди.

Кезегинде КМШ ПААнын эл аралык байкоочулары тобунун координатору Эдуард Шармазанов Кыргызстан жарандарын жана өлкө жетекчилерин референдумдун жана шайлоолордун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктап: "Биз референдумдун өттү деп эсептейбиз. Байкоочулар тобу көзөмөлгө алган кечээги иш-чара демократиялык тартипте жыйынтыкталып, бир гана эл өлкө келечегинин баштоочусу боло аларын далилдеди",- деп билдирди.

Жаӊы технологиялар менен өткөн добуш берүү өнөктүгү адамдык факторлорду азайткандыгы менен башка КМШ өлкөлөрүнө үлгү болгонун кошумчалаган Эдуард Шармазанов, Жогорку Кеӊештин Төрагасына КМШ ПААнын эл аралык байкоочуларынын расмий корутундусун тапшырды.

Ал эми Төрага Чыныбай Турсунбеков байкоочулардын активдүү ишмердүүлүгүнө жана бейтарап, акыйкат чыгарылган жыйынтыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 2658

Окшош жаңылыктар