КМШ ПААнын байкоочулар миссиясынын башчысы Эдуард Шармазанов: «Кыргызстан демократиялуу туура жолдо баратканына күбө болдук»

12-12-2016 13:46

Бул тууралуу КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын байкоочулар миссиясынын координатору, Армениянын Улуттук жыйынынын төрагасынын орун басары Эдуард Шармазанов бүгүн, 12-декабрь күнү Жогорку Кеӊеште өткөн маалымат жыйынынын жүрүшүндө билдирди.

Миссия башчысы КМШ ПААнын байкоочулар миссиянын курамында 24 өкүл бар экенин, анын өзөгүн КМШ өлкөлөрүнүн парламент мүчөлөрү түзө турганын, миссия өкүлдөрү Кыргызстандагы эле эмес, чет өлкөлөрдөгү шайлоо участкаларында да байкоо жүргүзгөнүн билдирди. «Шайлоо толугу менен улуттук мыйзамдарга жана эл аралык стандарттарга ылайык өттү», - деди Эдуард Шармазанов.

Анын пикиринде 11-декабрда өткөн жергиликтүү кеӊештердин депутаттарын шайлоонун жана Конституцияга өзгөртүүлөрдү  киргизүү боюнча референдумдун жыйынтыктары Кыргызстан демократия жолунда келатканын көрсөттү. «Шайлоо жүрүшүндө Кыргызстанда демократиянын баардык башкы белгилери – саясий күчтөрдүн атаандаштыгы, сөз эркиндиги, элде тандоо укугу бар экени даана көрүндү. Бул келечекке карай ташталган дагы бир кадам», - дейт ал.

Ал шайлоочулардын добушун сатып алуу жосуну баардык эле өлкөлөрдө чоӊ көйгөй жаратып жатканын белгиледи. «Албетте, шайлоодо жаӊы технология менен биометрикалык маалыматтарды колдонуу усулу өз артыкчылыгын көрсөттү. Айрым бир техникалык үзгүлтүктөр байкалды, бирок ал өз маалында четтетилип турду. Армения да мындай усулду колдонуу жагын караштырууда. Эӊ негизгиси, биз жарандарыбыздын шайлоо маданиятын көтөрүшүбүз керек», - деп жыйынтыктады өз сөзүн Эдуард Шармазанов

КР ЖК Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 2655

Окшош жаңылыктар