Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

ЖАҢЫЛЫКТАР 12.12.16.

12-12-2016
09:14

Төрага Чыныбай Турсунбеков №5 кесиптик лицейиндеги шаардык шайлоо участкасында жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого жана Кыргыз Республикасынын Конституциясына киргизилүүчү түзөтүүлөргө байланыштуу өткөн референдумга добуш берди. Жарандык милдетин аткарган соң ЖМК өкүлдөрүнүн бир катар суроолоруна жооп берген Төрага, жергиликтүү кеңештерди шайлоонун жана Конституцияга киргизилүүчү өзгөртүүлөргө байланыштуу өтүп жаткан референдумдун жыйынтыгы жалпы элдин эрки экенин белгилеп: “Шайлоо жана референдум демократиялык нукта өтөт деп үмүт кылам”, – деди. Ошондой эле, “Биометрикалык маалыматтарды колдонуу менен өткөрүлүп жаткан бүгүнкү шайлоодо карама-каршылыктуу пикирлер болбосуна күбө болосуздар” – деп кошумчалады төрага. Андан тышкары, аталган шайлоодон жана референдумдан кийин парламенттин таркашына себеп жок экендигин айткан Чыныбай Турсунбеков, “Кумтөр” маселесине жана шайлоочулардын добушун сатып алууга каршы жазаларды күчөтүү үчүн даярдалып жаткан мыйзам долбоору өңдүү бир катар суроолорго жооп берди.

Борбордук шайлоо комиссиясынын соңку маалыматына ылайык, 11-декабрда өткөн референдумга жалпы шайлоочулардын 42 пайыздан ашыгыраагы келди. Алардын 80 пайызы Баш мыйзамды өзгөртүүгө макул болсо, 16 пайызы каршы добуш беришкенин БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди. Шайлоо жана референдум бир күндө уюштурулгандыктан байкоочулар добушканаларда алешемдиктер орун алганын, бирок өнөктүк жалпысынан тынч өткөнүн билдиришти. Жергиликтүү жана эл аралык байкоочулардын баасы болсо бүгүн, 12-декабрда жарыяланат.  Жергиликтүү кеңештерге шайлоого добуш берүүчүлөрдүн 43,99 пайызы катышты. Добуш берүүгө эки миллион сегиз жүз миңден ашуун жаран акылуу болчу. Бардык аймактарда катышуу 40 пайыздан көп болду. Бюллетендердин 5223ү жараксыз деп табылды. Борбордук шайлоо комиссиясынын алдын ала маалыматына ылайык, Бишкек шаардык кеңешине талапкерлерин сунуштаган КСДП - 25,94, “Республика – Ата Журт” - 24,87, “Өнүгүү-Прогресс” - 15,84, “Мекеним Кыргызстан” - 13,5, “Кыргызстан” партиясы - 9,7% добушка ээ болушту. Жалпысынан шаардык кеңешке 14 партия ат салышкан.

Депутат Айнуру Алтыбаева жергиликтүү кеңештин депутаттары, активист айымдар менен жолугушту. Анда “Үй-бүлөлүк зордук зомбулуктардын алдын алуу жана анын кесепеттеринен коргоо жөнүндөгү” мыйзам долбоору талкууланды. Депутат үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктардын алдын алууга арналган форум өтө тургандыгын маалымдады. Декабрь айына пландалып жаткан аталган иш чарага Жогорку Соттун төрайымы менен Башкы прокурор дагы чакырылат,- дейт А.Алтыбаева.

                                       СНХ. А.АЛТЫБАЕВА

2015-жылы эле үй-бүлөлүк зордук – зомбулукка байланышкан 314 кылмыш иши козголгон. Административдик укук бузуулардын статистикасы жылдан-жылга өсүп жатат.  Мындай терс көрүнүштөрдүн биринчи себепчиси болуп ичимдик ичүү эсептелүүдө. Милиция органдары эле жылына 12 миңден 15 миңге чейинки рейддик кыдырууларды жүргүзүшөт. Бул тууралуу “Социалдык технологиялар агенттиги” коомдук бирикмесинин жетекчиси Зульфия Көчөрбаева билдирди.

                                     СНХ.З.КӨЧӨРБАЕВА

Жарыкка келген ымыркайлардын өнүгүүсүн көзөмөлдөй турган күндөлүк китепчелери 2017-жылдан тартып ар бир төрөт үйлөрүндө таратыла баштайт. Анда баланын жаңы төрөлгөндөн тарта 7 жашка чейинки курагындагы денелик, психикалык жактан өсүүсүнө байкоо жүргүзүүнүн жолдору түшүндүрүлөт.  Бул тууралуу түшүндүрмө берген Энеликти жана балалыкты коргоо боюнча улуттук борбордун педиатры Феруза Исакованын белгилешенче, күндөлүк кыргыз жана орус тилдеринде даярдалган. Аны тираждоо маселеси да “Ден соолук” программасынын чегинде колго алынат. Андан тышкары массалык маалымат каражаттары аркылуу дагы кеңештерди жарыялоо иштери жүргүзүлөт.Эки жашка чейинки балдардын тамактануусуна да күндөлүктө жетиштүү көңүл бурулган. “Саламаттык сактоо программасынын чегинде “гүлазык” кошулмалары бардык айыл жерлерине чейин акысыз таратылып келет. Муну колдонгондор, анын пайдалуулугун түшүнүп калышты. Бул аркылуу балдар арасындагы аз кандуулуктун санын кыскартууга болот. Аталган витаминдердин кошулмасы жергиликтүү шартта даярдалат”,- дейт Ф.Исакова.

                                      СНХ.Ф.ИСАКОВА

Балдардын өнүгүүсүн көзөмөлдөй турган күндөлүктө балдардын тамактануусу, дене жагынан эле өнүгүүсү эле эмес, окууга болгон өбөлгөлөрү дагы кошо камтылган. Долбоорду иштеп чыгууга саламаттык сактоо тармагынын эле эмес, билим берүү чөйрөсүнүн өкүлдөрү да жакындан иш алып барышкан. Бул тууралуу Балдардын өнүгүүсү боюнча көз карандысыз эксперт Айгүл Камалова кеңири айтып берди.

                                    СНХ.А.КАМАЛОВА

Бүгүн, 12- декабрь улуттук адабияттын күнү. 2011-жылы 28-январда болгон Жогорку Кеңештин жыйынында Улуттук адабият күнүн бекитүү туралуу токтомдун долбоору талкууга коюлуп, анын жыйынтыгында 12-декабрь адабият күнү катары белгилене турган болгон. Мындай демилгени көтөрүп чыккан КСДП фракциясынан депутат Эгемберди Эрматов 12-декабрь белгилүү жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү болгондуктан адабият күнү катары тандалып алынганын билдирген.

                                АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 12-декабрда Чүй, Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жамгыр-кар жаап, туман болот. Тоо этектерине жана тоолуу райондорго кар түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 2-7 метрге жетет. Абанын температурасы Чүй,Ош, Жалал-Абад,Баткен:+2...+7, Талас: +1...+6, Ысык-Көл: 0…+5 градус жылуу болот. Нарын: 0…-5, бийик тоолуу райондордо -7…-11 градус суук болот. Бишкек шаарында бүгүн, 12-декабрда  жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы +5…+7 жылуу болот.

 

Окшош жаңылыктар

ЖАҢЫЛЫКТАР 29. 05.23.

Бүгүн, 29-майда Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитет Чүй областынын Кант шаарында көчмө жыйын өткөрөт. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 26. 05.23.

Бүгүн, 26-майда Жогорку Кеӊештин Төрагасынын алдындагы миграция, мекендештер жана чет өлкөлөрдөгү диаспоралар маселелери боюнча кеңештин жыйыны өтөт. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдагы шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 25. 05.23.

Төрага Н.Шакиев, - "Каржы министрлиги мугалимдердин жайкы эмгек өргүүсүнө төлөнүүчү каражаттар даярдалып жаткандыгын кабарлады" - дейт. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 24. 05.23.

Бүгүн, 24-майдагы жыйынында Жогорку Кеңеш “Жаштар жөнүндөгү” мыйзам долбоорун экинчи окууда карайт. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 23. 05.23.

Бүгүн, 23-майда Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитет Чүй областында көчмө жыйын өткөрөт. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 22. 05.23.

Бүгүн, 22-майда Социалдык саясат боюнча комитет “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндөгү” конституциялык мыйзам долбоорун үчүнчу окууга алып чыгат. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде

Толук окуу...