Депутат Ирина Карамушкина: «Социалдык жактан эркиндикке көнүшүү татаал нерсе, адамдан чоӊ эрк, мамлекеттен колдоо талап кылынат»

09-12-2016 16:14

Жогорку Кеӊештин депутаты Ирина Карамушкина бүгүн, 9-декабрда Чүй облусунун Молдовановка айылында жайгашкан Жаза аткаруу мамлекеттик кызматына (ЖАМК) караштуу №31 түзөтүү мекемесинин караштуу Калыбына келтирүү жана социалдык жактан көнүштүрүү борборунун алдындагы жаӊы кесиптик окуу жайынын ачылуу аземине катышты.

Белгилей кетсек, №31 түзөтүү мекемесинде алко жана наркозаттарга көзкаранды соттолгон адамдар кармалат. Лицей КР Өкмөтүнө караштуу ЖАМК менен «Элдик университеттердин немис бирикмеси» бирикмесинин демилгеси менен «Түзөтүү тутумундагы мекемелердеги адамдарды окутуу» долбоорунун алкагында түзүлгөн. Бул лицейдин бүтүрүүчүлөрү «жыгач уста», «компьютердин оператору», «тигүүчү» кесиптерине ээ болот.

«Түзөтүү тутумундагы мекемелердеги адамдарды окутуу» долбоору – мыкты иш-чара. Анда азыркы учурга керектүү кесиптерге окутуу программасы камтылган. Соттолгон адамдын социалдык жактан эркиндикке көнүшү кыйла татаал нерсе, адамдын өзүнөн чоӊ эрк, мамлекет тараптан колдоо талап кылынат. Биз аларга баарылап жардам берүүгө тийишпиз», - деди Ирина Карамушкина.

Ошентип, инвесторлордун жардамы аркылуу №31 түзөтүү мекемесине соттолгон адамдарды «тигүүчү» кесибине үйрөтүү үчүн атайын окуу жабдуулары сатылып алынды. Ал эми №2 түзөтүү мекемесинде жаткан адамдар «жасалгалоо иштеринин чебери» адистиги боюнча жабдуулар алынды.

КР ЖК Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 2016