КР ЖК Төрагасы Чыныбай Турсунбеков: «Балдарыбыздын келечеги кеӊ болсун десек, ар айылда бала бакча ачуу зарыл»

08-12-2016 13:51

Жогорку Кеӊештин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков бүгүн, 8-декабрда өзүнүн Ысык-Көл облусундагы жумушчу иш сапарынын алкагында Түп районунун Көөчү айылындгы 90 орундуу бала бакчанын ачылуу аземине катышып, Жогорку Кеӊештин атынан сүйүнчүсүнө 100 миӊ сом тапшырды.

Бала бакчалардын айыл жергесиндеги маанисине токтолгон Чыныбай Турсунбеков акыркы жылдары мамлекет балдардын тереӊ билим, татыктуу таалим-тарбыя алуусуна өзгөчө көӊүл буруп жатканын баса белгиледи. «Мен буга чейин депутаттар менен бирге Талас, Нарын облустарын кыдырып, жергиликтүү тургундар менен баарлашып келдим. Балдарыбыздын келечеги кеӊ болсун десек, ар айылда бала бакча ачуу зарыл экенине көзүм жетти. Сиздерден да билимдүү, тарбыялуу, ден-соолугу чыӊ бөбөктөрдүн жетилишине чын дилимден тилектешмин», - деди ал.

Айылдын мектеби үчүн жаӊы имарат салынгандыктан, айыл тургундары бошогон имаратта бала бакча ачуу чечимине келген. «Түрткү берүүчү гранттан 2,5 млн сом, өнүктүрүү фондунан 276 миӊ сом, «Айылды инвестициялоо» долбоорунан 1 млн сом, жергиликтүү бюджеттен 55 миӊ сом берилген. Каражат толугу менен имаратты капиталдык оӊдоодон өткөрүүгө жана эмерек сатып алууга жумшалды. Азыр мында 87 бала тарбыяланууда», - дейт айыл аймагынын башчысы Данияр Сатаров.

Андан сырткары, Жогорку Кеңештин депутаттары ушу эле Көөчү айылындагы мектептин 2008-жылы башталган спорт залынын курулушу ушул кезге чейин бүткөрүлбөй жатканына, Каракол шаарынын «Нефтьяник» кичи районундагы 90 пайыз бүткөн бала бакчанын курулушу токтоп калганына күбө болушту. Жогорку Кеӊештин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков өкмөт өкүлүнө спорт зал менен бала бакчанын курулушун «капиталдык курулуш» статьясына киргизип, келерки жылы аягына чыгаруу тапшырмасын берди.

Белгилей кетсек, Төрага Чыныбай Турсунбеков баштаган Жогорку Кеӊештин депутаттарынын Ысык-Көл облусуна болгон жумушчу иш сапарын КР Өкмөтүнүн, тармактык министрликтер менен ведомстволордун жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү коштоп жүрөт.

КР ЖК Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 1855

Окшош жаңылыктар