Жогорку Кеңештин Төрагасы Ч.Турсунбеков Чолпон-Ата шаарындагы саркынды сууларды тазалоочу жайдын абалынан кабар алды

08-12-2016 13:55

Бүгүн, 8-декабрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков Ысык-Көл облусуна болгон жумушчу иш сапарынын алкагында Чолпон-Ата шаарындагы саркынды сууларды тазалоочу жайдын абалы менен таанышты.

Жаңы долбоордун алкагында Чолпон-Ата шаарынан тышкары Кара-Ой айылындагы бир нече эс алуучу жайлар кошулгандыктан, борборлоштурулган кайра иштетүүчү жайга оорчулук келип жатат. Түзүлгөн мындай жагдай боюнча Жогорку Кеңештин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков шаардын суу чарба башчысына бул маселе боюнча Жогорку Кеңешке атайын кат менен кайрылууну сунуштап, андан ары бул көйгөйдү КР Өкмөтү менен сүйлөшүп, чечүү жагын караштыра тургандыгын билдирди. Ошондой эле Чыныбай Турсунбеков, жарандардын турмуш жагдайын жакшыртуу башкы максат болушу керектигин белгилеп, Ысык-Көл облусундагы ар бир үйдү борбордук канализацияга кошуу зарылдыгын кошумчалады.

1986-жылы пайдаланууга берилген Чолпон-Ата шаарындагы саркынды сууларды тазалоочу жай акыркы жылдары колдонуучулардын көбөйүшү менен кайрадан оңдоп-түзөөгө муктаж болуп келет. Ага кошумча, канализациялык түтүктөрдүн эскиргендиги да системаныны туруктуу иштөөсүн оорлотууда. Бул боюнча маалымат берген мекеме жетекчиси жалпы оңдоп-түзөөгө 20 млн. АКШ доллары өлчөмүндө акча каражаты керектелерин билдирди.

Жумушчу иш сапардын катышуучулары бул маселе боюнча Жогорку Кеңештин депутаттары, тиешелүү министрликтердин жана Азия өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү менен кийинки жумада сүйлөшүүлөрдө жүргүзүү чечимине келишти.

Белгилей кетсек, Төрага Чыныбай Турсунбеков баштаган Жогорку Кеӊештин депутаттарынын Ысык-Көл облусундагы жумушчу иш сапарын КР Өкмөтүнүн, тармактык министрликтер менен ведомстволордун жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү коштоп жүрөт.

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 2344

Окшош жаңылыктар