КСДП фракциясынын депутаттары Аламүдүн районунун эли менен жолугушуп, алардын көйгөйлөрүн угушту

07-12-2016 17:20

Бүгүн, 7-декабрда Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаттары Кожобек Рыспаев, Нурмахаммат Баяхунов, Эльвира Сурабалдиева жана фракция лидери Иса Өмүркулов Чүй облусундагы иш сапардын алкагында Аламүдүн районунун жашоочулары менен жолугушту.

Сүймөнкул Чокморов атындагы маданият үйүндө өткөн жолугушууда жергиликтүү жашоочулар, жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилери, өкмөттүн өкүлдөрү болушту. Башкы КСДПчы Иса Өмүркулов иш-чаранын катышуучулары менен жылуу саламдашып, Аламүдүн районунун шайлоочулары КСДП партиясын шайлоодо жакшы колдошконун белгилеп өттү. «Парламенттик шайлоодо чоң ишеним көрсөткөнүңүздөр үчүн партиялаштарымдын жана өзүмдүн атыман ыраазычылык билдирип кетем. Аламүдүн району биз көп добуш алган партиялардын катарына кирет. Сиздердин колдооңуздар менен биз Жогорку Кеңеште  сиздердин таламыңыздарды талашканга  мүмкүнчүлүк алдык», - деди Иса Өмүркулов.

КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов алгач алдыдагы референдум тууралуу сөз кылып, Башмыйзамга киргизилгени жаткан өзгөртүү жана толуктоолорго токтолду. Ал өз сөзүндө сунушталып жаткан Конституцияга өзгөртүүлөр Кыргызстандын суверенитеттүүлүгүн жана эгемендигин чыңдоого, парламентаризмди бекемдөөгө, аткаруу жана мыйзам чыгаруу бийлигинин ортосундагы байланышты теңдөөгө, соттук реформаны ишке ашырууга конституциялык өзөк түзүүгө багытталганын айтты.

«Сунушталып жаткан өзгөртүүлөр биздин мамлекеттик моделди кыйла туруктуу кылууга алып барат, мында коалициянын, парламенттин стабилдүүлүгүн камсыз кылуучу нормалар киргизилүүдө. Муну менен парламентаризмди өнүктүрүүгө чоң кадам жасалууда»,- деди фракция лидери. Буга кошумча премьер-министр жана биринчи вице-премьер-министрдин депутаттык кызматты айкалыштыруусу өкмөттүн туруктуу болуусуна түрткү бере турганын билдирди.

Жолугушууда жергиликтүү эл көптөгөн чечилбей келаткан маселелерди көтөрүшүп, аларды чечүүнүн зарылдыктарын  белгилешти. Мисалы, Көк-Жар айылынын жашоочусу 2014- жылы 140 орундуу бала бакча куруу үчүн 2 млн. сом бөлүнгөнүн, 2015-жылы 6 млн. сом бөлүнсө, бул жылы каржы каралбаганын айтты. Ал эми долбоордун жалпы суммасы 48 млн. сомду түзөт. Анын айтымында, учурда бала бакчанын каркасы гана турат. Калган каржы качан бөлүнүп, курулуштун  качан аягынча чыгарыларын сурады. Ушундай эле курулушу ара жолдо калган объект Кара-Жыгач айылында да бар экени айтылды.  Ал курулуш 2013-жылы башталып, бирок  учурда курулуш иши токтоп турат.

Курулуш жана архитектура боюнча агенттиктин өкүлү 2016-жылы бюджеттин тартыштыгынан 117 объект үчүн каржы каралбай калганын, 120 объектке гана акча бөлүнгөнүн айтты. «Тилекке каршы, жогоруда айтылган бала бакчалар да 117 объекттин тизмесине кирип калган. Бул курулуштарды улантууну  келерки жылдын бюджетине киргизүүгө аракет көрөбүз», - деди ал.

Жергиликтүү мугалим райондогу кээ бир мектептерде окуучулар үчүн орундардын жетишсиз экенин айтты. «Мисалы, Озерное айылындагы 192 окуучуга ылайыкталган мектепте  учурда 1347 бала билим алып келүүдө. Пригородное айылындагы мектеп 320 орунга ылайыктуу болсо, 1200 окуучу окуп жатат. Төмөнкү Ала-Арча айылындагы мектепте 2097 окуучу билим алууда, а мектеп 720 орунга ылайыкталган. Маевкадагы мектепте 530 окуучу окушу керек болсо, азыр 1465 окуучу окуп келатат. Окуучулардын мындай жыштыгы окутуу процесстерине терс кесепетин гана тийгизет. Ушул мектептерге кошумча имараттарды курса болобу?, - деп суроо салды. Иса Омуркулов 2017-жылдагы титулдук тизмеге бир дагы жаңы объект киргизилбегенин, анткени, каржы курулуштары токтоп калган объекттерге жумшаларын айтты. Бирок ошону менен бирге КСДПчы депутаттар Аламүдүн районунун инфраструктурасын жакшыртууга аракет көрүшөрүн кошумчалады.

«КСДП фракциясынын депутаттары келерки жылдын бюджетине жаңы объекттерди киргизбөөнү сунуш кылышкан. Анткени, учурда курулушу токтоп калган объекттер көп. Мындай курулуштарды бүткөрүүгө эле 9 млрд. 600 млн. сом керек. Ошондуктан бул объекттердин баарын бүткөрүү зарыл», - деди Иса Өмүркулов.

КСДП парламенттик фракциясынын катчылыгы

Көрүүлөрдүн саны : 2837

Окшош жаңылыктар