Депутат Иса Өмүркулов: «Мен категорияга ээ мугалимдерди аттестациядан өткөрүүгө каршымын”

07-12-2016 17:56

КСДП парламенттик фракциясынын лидери Иса Өмүркулов баштаган депутаттык топтун Чүй облусуна болгон жумушчу сапары уланууда. Депутаттык топ Кант шаарынын маданият үйүндө Ысык-Ата районунун жашоочулары менен жолугушту. Иш-чарага эл өкүлдөрү Кожобек Рыспаев, Нурмахаммат Баяхунов, Элвира Сурабалдиева жана  КР Өкмөтүнүн мүчөлөрү катышты.

Жолугушууда райондогу бир катар социалдык көйгөйлөр көтөрүлдү. Жергиликтүү элдин айтымында, Ысык-Ата районундагы башкы көйгөй – саламаттыкты сактоо мекемелеринин ремонтко муктаждыгы, техникалык-материалдык  жактан камсыздоосунун начардыгы. Республикадагы эң ири делген райондо болгону 5 тез жардам машинасы болсо, бир төрөт үйүндө жаңы төрөлгөн ымыркайларды өлчөөчү тараза жок.

Милянфан айылынын жашоочулары Чүй суусунун жээгин бекемдөө иштери качан жүргүзүлөрүнө кызыкты. Себеби, ташыган суу жаңы курулуп жаткан үйлөрдүн пайдубалдарын жууп, элди чыгашага учуратууда.  ӨКМ башчысынын орун басары 2017-жылга суу жээктерин тосууга 200 млн сом каралганын, анын 100 млн сому Чүй дарыясынын жээгин бекемдөөгө бөлүнөрүн  билдирди.

Билим берүү маселесиндеги көйгөйлөр да жолугушууда козголбой койгон жок. Тагыраагы, эмгек стажысы жогору мугалимдерди аттестациядан өткөрүү туура эместиги айтылды. Мындай жагдай мугалимге болгон сый-урматты азайтып, окуу процессине терс кесепетин тийгизиши ыктымал. Депутат Иса Өмүркулов мындай пикир менен макул экенин билдирди. «Мен башынан категорияга ээ мугалимдерди аттестациядан өткөрүүгө каршымын. Менимче, бул норманы жокко  чыгаруу керек. Ал эми мугалимдердин жаш муундарды тарбиялап-өстүрүүдөгү ролу чоң». – деди И. Өмүркулов. Муну айтуу менен фракция лидери бул сунушту КР Өкмөтүнө  жеткирерин билдирди.

КСДП парламенттик фракциясынын катчылыгы

 

Көрүүлөрдүн саны : 3162

Окшош жаңылыктар