Жогорку Кеңештин Төрагасы Ч.Турсунбеков: "Конституциялык түзөтүүлөр сот тутумун жана күч түзүмдөрүн олуттуу реформалоого өбөлгө болот"

07-12-2016 17:42

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков бул тууралуу бүгүн, 7-декабрда Нарын облусуна болгон жумушчу иш сапарынын алкагында облус активи жана шаар тургундары менен жолугушуп жатып билдирди.

Жолугушууда жергиликтүү эл Жогорку Кеңештин депутаттарына ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жөлөк пулдарды төлөө маселесин чечүүнү коюшту. Ошону менен катар билим берүү мекемелериндеги, ооруканалардагы жана маданий жайлардагы көйгөйлөрдү тизмектеп беришти. Шаар тургундары коомдук транспорттордун жетишсиздиги сыяктуу бир катар социалдык маселелерин эл өкүлдөрүнө багытташты.

Нарын облусунун тургундары көтөргөн жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча Жогорку Кеңештин Төрагасы жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн көңүлүн мындай көйгөйлөрдү чечсе боло тургандыгына бурду. Ал эми жеринде чечүүгө мүмкүн болбогон жагдайларды жумушчу иш сапарга катышып жаткан аткаминерлерге багыттап, алардын жыйынтыгы боюнча жооп күтө тургандыгын эскертти. Бир катар маселелер боюнча эл өкүлдөрү Жогорку Кеңештин жыйынында маселе көтөрүп, жергиликтүү тургундардын суроолоруна жооп кайтара турган болушту. Төрага Чыныбай Турсунбеков шайлоочулар көтөргөн жалпы элдин кызыкчылыгындагы социалдык көйгөйлөргө бийлик бутактары олуттуу мамиле жасоо зарылдыгын баса белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө үстүбүздөгү жылдын 11-декабрында өтө турган референдумга жана Конституцияга киргизилүүчү түзөтүүлөргө байланышкан суроолор дагы көтөрүлдү. Жогорку Кеңештин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков Башмыйзамга киргизилип жаткан түзөтүүлөрдүн максаты өлкөдөгү туруктуулукту сактоо экенин чечмелеп берди. “Конституциялык түзөтүүлөр сот тутумун жана күч түзүмдөрүн олуттуу реформалоого өбөлгө болот”,- дейт ал.

Белгилей кетсек, Төрага Чыныбай Турсунбеков баштаган Жогорку Кеӊештин депутаттарынын Нарын облусуна болгон жумушчу иш сапарына КР Өкмөтүнүн, тармактык министрликтер менен ведомстволордун жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү катышты.

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 2768

Окшош жаңылыктар