Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

ЖМК жөнүндө мыйзамга сунушталган өзгөртүүлөрдү талкуулоого арналган парламенттик угуу өтөт

20-12-2016
09:00

2016-жылдын 20-декабрында Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин демилгеси менен депутаттар тобу тарабынан иштелип чыккан “Массалык маалымат каражаттары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорун талкуулоого арналган парламенттик угуу өткөрүлөт.

Убактысы жана орду: 20-декабрь, 2016-жыл, саат 09-00, Жогорку Кеӊештин жыйындар залы;

Парламенттик угууга Жогорку Кеңештин депутаттары, мамлекеттик органдар менен мекемелердин, жарандык коомдун, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, чыгармачыл уюмдар менен эксперттер чакырылган.

Кошумча маалымат алуу телефону: 63-86-89

Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитеттин бөлүмү