Төрага Чыныбай Турсунбеков Нарын шаарындагы саламаттыкты сактоо мекемелеринин курулушун тездетүүнү тапшырды

07-12-2016 17:39

Бүгүн, 7-декабрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков Нарын облусуна болгон жумушчу иш сапарынын алкагында Кургак учукка каршы күрөшүү боюнча облустук борбордун абалы менен жеринде таанышты.

Авариялык абалга кептелген оорукананын имаратын көрүп чыккан Жогорку Кеңештин Төрагасы мекеме башчысына тез арада тиешелүү министрликтен аталган борбордун имаратын оӊдоо же кайра куруу керектиги боюнча корутунду алуу тапшырмасын берди. Жолугушууга келген оорукана жамааты курула турган жаӊы имаратты гемодиализ борбору кылуу сунушун ортого салышты.

Эске салсак, Нарындагы Кургак учукка каршы күрөшүү боюнча облустук борбордун имараты 1962-жылы курулуп, бүгүнкү күнгө чейин бир дагы оӊдоп-түзөөдөн өткөн эмес. Ага кошумча имараты авариялык абалда делген Нарын райондук Тез жардам станциясы дагы Кургак учукка каршы күрөшүү борборунун имаратына келип жайгашкан. Бирок, 2014-жылы бул борбордун чатырынын бир бөлүгү кулап, имарат бошотулган.

Жумушчу сапардын жүрүшүндө Жогорку Кеңештин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков Нарын райондук тез жардам станциясынын курулушун кийинки жылдын планына киргизүүнү КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлүнө тапшырды.

Жалпы Нарын району боюнча бир эле Тез жардам постту иштеп, адам өмүрүнө коркунучтар туулган жагдайлар көп эле кездешүүдө. Ал эми Нарын шаары боюнча эки гана Тез жардам постту иштейт. Андыктан, Нарын районуна Тез жардам станциясынын жаӊы имаратын куруу мерчемделип, эки пост уюштуруу зарылчылыгы айтылган. Ага ылайык, Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын аймагына Тез жардам кызматынын жаӊы имаратын куруу үчүн 30 млн. сом керектелери эсептелген.

Белгилей кетсек, Төрага Чыныбай Турсунбеков баштаган Жогорку Кеӊештин депутаттарынын Нарын облусуна болгон жумушчу иш сапарын КР Өкмөтүнүн, тармактык министрликтер менен ведомстволордун жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү коштоп жүрөт.

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 2564

Окшош жаңылыктар