Жогорку Кеңештин Төрагасы Ч. Турсунбековдун катышуусунда Ж.Шералиев атындагы балдар искусство мектебинин жаңы имараты ачылды

07-12-2016 17:27

Бүгүн, 7-декабрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков Нарын шаарындагы Жумамүдүн Шералиев атындагы балдар искусство мектебинин жаңы курулган имаратынын ачылыш аземине катышты.

Ачылуу аземинде сөз сүйлөгөн Жогорку Кеңештин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков алты айда курулуп бүткөн искусство мектебинин жамааты менен окуучуларына ийгиликтерди каалап, ушул куттуу жайдан таланттуу балдар чыгып, Нарын шаарынын атак-даңкы үчүн эле эмес, өлкөнүн аброю үчүн кызмат кылсын деген тилегин билдирди.

Ошондой эле Ч.Турсунбеков искусство мектебинин жаңы имараты менен таанышып чыгып, мектеп музейинин эскерме китепчесине куттуктоо кол жазмасын калтырды. Жолугушууда мектептин жамааты жана окуучулары жаңы имарат, жаңы музыкалык аспаптар чыгармачылык эргүү берерин белгилешти.

Нарын шаарындагы Ж.Шералиев атындагы балдар искусство мектебинин жаңы имаратынын курулушуна жалпысынан 47 миллион сомдон ашык акча каражаты жумшалган. Учурда 215 окуучуга ылайыкташтырылган музыкалык мектепте алты бөлүм иш алпарып, алты багыта билим берет.  

Белгилей кетсек, Төрага Чыныбай Турсунбеков баштаган Жогорку Кеӊештин депутаттарынын Нарын облусуна болгон жумушчу иш сапарын КР Өкмөтүнүн, тармактык министрликтер менен ведомстволордун жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү коштоп жүрөт.

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы

 

Көрүүлөрдүн саны : 3028

Окшош жаңылыктар