Депутат Алмазбек Баатырбеков Ташкент шаарында бир катар жолугушууларды өткөрдү

07-12-2016 17:38

Өзбекстанда өткөн президенттик шайлоого эл аралык байкоочу катары барган Жогорку Кеӊештин «Кыргызстан» фракциясынын лидери Алмазбек Баатырбеков Өзбекстанжын Олий Мажилис Сенатынын төрагасынын орун басары Светлана Артикова жана Олий Мажилис Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасынын орун басары Борий Алихонов менен жолугушуп, эки өлкөнүн парламенттер аралык кызматташтык мамилелерин бекемдөө жаатында пикир алышты.

Жолугушууда президенттик шайлоонун жүрүшү, парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүү аркылуу өз ара тажырыйба алмашуу зарылдыгы тууралуу сөз болду.

Депутат Алмазбек Баатырбеков өзбек тарапты шайлоонун ийгиликтүү өтүшү жана жаӊы президенттин шайланышы менен куттуктады. Ал эки парламенттин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттеринин биргелешкен жыйынын өткөрүп, эки өлкө ортосундагы талылуу маселелерди талкуулоо сунушун киргизди.

Жолугушууга Кыргызстандын Өзбекстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Данияр Сыдыков катышты.

КР ЖК Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 1825

Окшош жаңылыктар