Депутат Аскарбек Шадиев Ирандын элчиси Али Моджтаба Рузбехани менен жолугушту

05-12-2016 16:08

Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы Аскарбек Шадиев бүгүн, 5-декабрда Ирандык Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Али Моджтаба Рузбехани менен жолугушуп, эки өлкө ортосундагы кызматташтык мамилелерди чыӊдоо багытында пикир алышты.

Депутат Аскарбек Шадиев Али Моджтаба Рузбеханини жакында элчилик кызмат милдетин аткарууга киришиши менен куттуктап, ишинде ийгиликтерди каалады. Ал батыш өлкөлөрүнүн Иранга карата экономикалык санкциялардан баш тартышын канааттануу менен белгиледи. «Мындай санкциялар тескери таасир берет. Азыр Иран өзүнүн ички мүмкүнчүлүктөрү ишке чегерип, экономикасы өнүккөн өлкөгө айланды. Кыргызстан аны менен жакындан иштешүүгө даяр. Анын ичинде Жогорку Кеӊеш мыйзамдык колдоо көрсөтө алат», - деди ал.

Ал эми элчи Али Моджтаба Рузбеханини эки өлкө ортосунда жакшы кызматташтык мамиле түзүлгөнүн белгиледи. «Ирандын 2600 жылдан ашуу тарыхы бар. Анда Кыргызстан менен бир дагы карамакаршылык болгон эмес. Кыйын учурларда Кыргызстан тараптан ар дайым колдоо болуп келгенин эчкачан унутпайбыз», - деп, ал батыш өлкөлөрүнүн санкциясы өлкөнүн ички мүмкүнчүлүгүн өнүктүрүүгө түрткү бергенин кошумчалады.

Жолугушуу жүрүшүндө тараптар парламенттер аралык кызматташтыкты андан ары бекемдөө зарылчылыгына да токтолушту.

КР ЖК Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 1206

Окшош жаңылыктар