Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Тармактык комитетте бир катар эл аралык келишимдерди ратификациялоо багытындагы мыйзам долбоорлору каралды

20-11-2023
15:52

Бүгүн, 20-ноябрдагы Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында «2023-жылдын 2-августунда Бишкек шаарында кол коюлган  Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Япония Өкмөтүнүн ортосундагы “Адам ресурстарын өнүктүрүү боюнча стипендиялык программа” долбоору боюнча алмашуу ноталарын жана Япониянын эл аралык кызматташтык агенттиги менен  Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин ортосундагы “Адам ресурстарын өнүктүрүү боюнча стипендиялык программа” долбоору боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» мыйзам долбоору үч окууда каралып, жактырылды.  

Мындан тышкары комитетте «2023-жылдын 18-августунда Бишкек шаарында кол коюлган “Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы “Кыргызстанда табигый кырсыктардын тобокелдигине туруктуулукту жогорулатуу” долбоорун экинчи кошумча каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» мыйзам долбоору каралды.

Министрлер кабинетинин төрагасы тарабынан демилгеленген мыйзам долбоорун өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары Азамат Мамбетов тааныштырды.

Макулдашууда Министрлер кабинетине кырсыктардын тобокелдигин башкаруу жаатында өлкөнүн потенциалын жогорулатууда колдоо көрсөтүү каралган. Азыркы учурда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Билим берүү жана илим министрлиги жана Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги, Экономика жана коммерция министрлигине караштуу финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы менен биргеликте Дүйнөлүк банк тарабынан каржылана турган «Кыргызстанда табигый кырсыктардын тобокелдигине туруктуулукту жогорулатуу» (ERIK) негизги долбоорун жана Долбоорду кошумча каржылоону (ERIK AF) ишке ашыруу боюнча иш алып барууда.  

Анын алкагында 40 мектепти реконструкциялоо жана куруу каралган, анын ичинен 10 мектеп негизги каржылоонун жана 30 мектеп кошумча долбоордук каржылоонун алкагында жүргүзүлөт.

Талкуу учурунда депутаттар долбоордун негизинде мектептерге каралган каражатарды максаттуу багыттоо, аймактардагы авариялык мектептерге көңүл буруу зарылчылыктарына көңүл бурушту.

Ошондой эле, комитет Евразия өнүктүрүү банкы менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы «Салык төлөөчүнүн рейтинги» салык төлөөчүлөрдү категориялаштыруунун атоматташтырылган маалыматтык системасын жана Кыргыз Республикасындагы салык төлөөчүнүн санариптик профилинин модулун иштеп чыгуу» долбоорун каржылоо үчүн Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун каражаттарынан грант берүү жөнүндө макулдашуунун долбоорун карап, жактырды.

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү