Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Комитет  КРдин соттолгондорду өткөрүп берүү конвенциясына кошулуусу боюнча мыйзам долбоорун карады

20-11-2023
15:12

Бүгүн, 20-ноябрдагы Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында «Соттолгон адамдарды өткөрүп берүү жөнүндө конвенцияга Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу» мыйзам долбоору  биринчи окууда каралып, колдоого ээ болду.

Аталган мыйзам долоорун башкы прокурордун орун басары Үмүткан Конкубаева тааныштырды.

Кыргыз Республикасынын жарандарынын конституциялык укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын ишинин артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат.

Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерге ылайык, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы соттолгон адамдарды жазаны андан ары өтөө үчүн өткөрүп берүү боюнча тиешелүү иштерди жүргүзөт.

Мыйзам долбоору 2019-жылы Башкы прокуратура тарабынан 1983-жылдын 21-мартында Франциянын Страсбург шаарында кол коюлган, ошондой эле Европа Кеңешине кирбеген, бирок документти иштеп чыгууга катышкан мамлекеттер тарабынан кол коюлган Соттолгон адамдарды өткөрүп берүү жөнүндө конвенцияга Кыргыз Республикасынын кошулуу мүмкүнчүлүктөрүн кароого багытталган.

Депутат Чингиз Айдарбеков талкуу учурунда мыйзамдын күчүнө кирүүсү менен  чет мамлекетте соттолгон адамдарды алып келүү процесстери башкы прокуратура тарабынан жакшырарын айтып, сыртта соттолгон кыргыз жарандарынын санын тактады. Башкы прокурордун орун басары учурда чет өлкөлөрдө 1418, ал эми Европада 13 кыргызстандык соттолгонун билдирди.  

Депутат Нуржигит Кадырбеков Кыргызстанда жаза өтөп жаткан чет өлкөлүктөрдүн санын тактап, мыйзам долбоору менен чет өлкөдө мурда соттолгон жарандарга колдонулуучу чараларды сурады. “Бизде 263 чет өлкөлүк жаран жаза мөөнөтүп өтүп жатса, алардын 24ү өмүр бою эркинен ажыратылгандар. Арасында европанын атуулдары жок”,- деди Үмүткан Конкубаева.  Депутат Ырысбек Атажанов Россиянын абактарында жаза мөөнөтүн өтөп жаткан кыргызстандыктарды которуу боюнча башкы прокуратуранын иш-аракеттерин сурады.

Мындан тышкары, комитетте  «2022-жылдын 18-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган «Бишкек шаарында 2013-жылдын 2-августунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмдун ортосундагы Жеңил ок атуучу курал жана кадимки ок-дарылардын запасы боюнча программаны ишке ашырууга карата өз ара түшүнүү жөнүндө меморандумга» өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмдун ортосундагы протоколду ратификациялоо жөнүндө» жана «2021-жылдын 16-сентябрында Дүйшөмбү шаарында кол коюлган 2007-жылдын 6-октябрындагы Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун тынчтыкты сактоо иши тууралуу макулдашууга ɵзгɵртүүлɵрдү киргизүү жөнүндө протоколду ратификациялоо тууралуу» мыйзам долбоорлору үч окууда каралып, жактырылды.

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү