Бүгүн, 20-ноябрдагы Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында «2023-жылдын 16-мартында Анкара шаарында кол коюлган Түрк инвестициялык фондун уюштуруу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» мыйзам долбоору экинчи окууда каралды.
Мыйзам долбоорун экономика жана коммерция министринин орун басары Айнура Үсөнбекова тааныштырды.
Анын айтымында, фонд Түрк тилдүү мамлекеттер уюмунун (ТМУ) өлкөлөрүндө приоритеттүү бизнес-долбоорлорду каржылоо үчүн ресурстук база болуп саналат. Фонддун уставдык капиталы 500 миллион АКШ долларын түзөт.
Кыргыз Республикасынын үлүшү 70,0 млн АКШ долларын түзөт жана 3 жылга республикалык бюджеттен төлөнөт. Фонддун уставдык капиталын толуктоо графигине ылайык, 5,0 млн АКШ доллары өлчөмүндөгү каражаттар Фонддун уюштуруучулары тарабынан акционерлердин уюштуруу чогулушунан кийин 90 күндүн ичинде баштапкы салым катары төлөнөт.
Депутат Чингиз Айдарбеков фонддун башкы кеңсеси Түркияда ачылса, анын өкүлчүлүгүн Кыргызстанда уюштуруу маселесин жана жыл сайын фондго которулуучу бюджеттик каражаттардын булагын тактады. Депутат Нуржигит Кадырбеков аталган фонд аркылуу Кыргызстанда ишке ашырылуучу пландык долбоорлорго кызыкты.
Мындан тышкары, комитет «2023-жылдын 25-майында Москва шаарында кол коюлган 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер тарабынан өнөр жай тармактарында биргелешкен кооперациялык долбоорлорду ишке ашырууда финансылык көмөк көрсөтүү бөлүгүндө өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө» мыйзам долбоорун карап, үч окууда колдоого алды.
Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети ошондой эле Кыргыз Республикасы менен Азербайжан Республикасынын ортосундагы киреше салыгына кош салык салууну болтурбоо, салык төлөөдөн баш тартууну жана салык салуудан качууну алдын алуу жөнүндө макулдашуунун долбоору карады.
Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү