Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Тармактык комитетте Суусамыр-Талас-Тараз автожолун реконструкциялоо боюнча бир катар эл аралык келишимдер үчүнчү окууда каралды

20-11-2023
14:11

Бүгүн, 20-ноябрдагы Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында  «2023-жылдын 24-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы «Суусамыр – Талас – Тараз автожолун реконструкциялоо, IV фаза, 104,6–197,6 км» долбоору боюнча кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» жана «2023-жылдын 12-майында Джидда шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен ОПЕК эл аралык өнүктүрүү фондунун ортосундагы “Суусамыр – Талас – Тараз автожолун реконструкциялоо, IV фаза, 104,6-197,6 км” долбоору боюнча кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» мыйзам долбоорлору үчүнчү окууда каралып, жактырылды.

Мыйзам долбоорлорун транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Ырысбек Бариев тааныштырды.

Аталган мыйзам долбоорлору жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун тармагын өнүктүрүүгө, тактап айтканда Суусамыр-Талас-Тараз жолун жакшыртууга багытталган. Долбоордун жалпы баасы 105,2 млн АКШ долларын түзөт. Ислам өнүктүрүү банкы Араб координациялык тобунун курамында 25 жылдык мөөнөт менен, анын ичинде 7 жылдык жеңилдетилген тартипте 50 млн АКШ доллар өлчөмүндө кредиттик каражаттарды берет.

Ошондой эле комитет,  «2023-жылдын 12-майында Джидда шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Суусамыр – Талас – Тараз автожолун реконструкциялоо, IV фаза, 104,6–197,6 км» долбоору боюнча кредиттик макулдашууну жана Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Суусамыр – Талас – Тараз автожолун реконструкциялоо, IV фаза, 104,6–197,6 км» долбоору боюнча техникалык гранттык жардам жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» мыйзам долбоорун да үчүнчү окууда карап, жактырды.

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү